Стандарттуу титрленген эритмелер

Википедия дан

Стандарттуу титрленген эритмелер - реактивдердин белгилүү так концентрациядагы эритмелери.

Мындай эритмелер көлөмдүк анализдин бардык методдорунда негизги жумушчу эритме катары колдонулат. Көлөмдүк анализде аныкталуучу заттын саны аны менен реакцияга толук кирген реактивдин стандарттуу титрленген эритмесинин көлөмү аркылуу эсептелип табылат.

Стандарттуу титрленген эритмелердин концентрациям. негизинен 1 л эритмедеги эриген заттын г-эквнин саны аркылуу туюнтулат. Бул сан эритмелердин нормалдуулугун корсотот. Мис., 1 л эритмеде 0,5 г-экв зат эриген болсо, бул эритмени жарым нормалдуу, ал эми 0,1 г-экв эриген болсо, денинормалдуу эритме деп атайт (0,1 н).

Айрым учурларда титрленген эритменин концентрациям титр (Т) менен туюнтулат. 1 мл эритмедеги эриген заттын өлчөмү менен белгиленген санды титр деп атайт да, г/мл чондугу менен туюнтат. Хим. жактан туруктуу заттардын Стандарттуу титрленген эритмелерин даярдаш үчүн алардын белгилүү салмактагы өлчөмү белгилүү көлөмгө чейин тиешелүү эриткичте эритилет да, эритменин титри же нормалдуулугу табылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.