Статистикалык салмак

Википедия дан

Статистикалык салмак - квант механикасы менен квант статистикасында берилген энергиядагы ар түрдүү квант абалынын саны, б. а. абалдын эселүүлүгү.

Эгер энергия удаалаш бир катар мааниге ээ болсо, анда энергиянын берилген интервалындагы абалынын саны Статистикалык салмак деп түшүнүлөт. Классикалык статистикада Статистикалык салмак - системанын фазалык көлөмдөгү элементинин чондугу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.