Статистикалык физика

Википедия дан

Статистикалык физика - теориялык физиканын өтө коп сандагы бөлүкчөлөрдөн түзүлгөн системанын (макронерсенин) касиеттерин изилдөөчү бөлүмү.

Статистикалык физиканын милдети - макронерсенин касиеттерин аны түзүүчү молекулалар, атомдор ж. б. белүкчөлөрдүн касиеттери жана алардын ез ара аракеттениптери аркылуу түшүндүрүү. Статистикалык физика - физикалык статистика жана физикалык кинетика болуп бөлүнөт. Биринчисинде термодинамикалык тен салмактуу абалда болгон система каралат, экинчисинде тен салмаксыз процесстер изилденет. Статистикалык физикада системанын макроабалын мүнөздөөчү кандайдыр параметрлердин (координата, импульс, энергия ж. б.) орт. маанилери аркылуу системанын бөлүкчөлөрүнүн бөлүнүш функциясы аныкталат. Системанын бөлүкчөлөрүнүн абалы шартка карата классикалык механиканын же квант механикасынын мыйзамдары менен түшүндүрүлөт. Кайсы механиканы колдонгонуна жараша Статистикалык физика классикалык статистика жана квант статистикасы болуп айырмаланат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.