Статут

Википедия дан

Статут (лат. statuo – токтом кылам, чечем) – 1) Улуу Британия парламентинин, АКШ конгрессинин, англосаксон укук тутумундагы ж. б. биркатар өлкөлөрдүн парламенттеринин кээбир мыйзам актыларынын аталышы. С-та камтылган ченемдер статуттук укукту түзөт; 2) кандайдыр бир уюмдун уставы (орто кылымдардагы цехтердин С-ту), же аймактык түзүлүштүн, адатта автономиянын уставы, (м.: Италияда ар бир обулустун өз С-ту бар); 4) эларалык укукта көбүнесе кандайдыр бир орган жөнүндө жобо. Эларалык органдын С-ту анын максаттарын, түзүмүн жана милдеттерин аныктайт (м.: БУУ Эларалык сотунун С-у).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]