Стафилококкоз

Википедия дан

Стафилококкоз - коён менен канаттуулардын жугуштуу дарты.

Стафилококкоз ылаңы микробдор аркылуу пайда болот. Стафилококкоз микробдору коёндун терисинде, тери астында жана желининде ирин аралаш коп сандагы майда сезгенче пайда кылып, микробдор канга да жугат. Анда ирин аралаш микробдор көбөйөт. Канаттуулардын муундары сезгенет, Стафилококкоз ыланы оорулуу коён жана канаттуулардан, о. эле стафилококктуу тоют, буюм-кечек ж. б-дан жугат. Стафилококкоз клиникалык белгилери, бактериол. изилдоо боюнча аныкталат. Дарылоодо антибиотиктер колдонулат. Стафилококкоз ыланынын таралышына жол бербөө үчүн ветеринариялык-санитариялык эрежелерди туура сактоо керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.