Стафилококктор

Википедия дан
Staphylococcus aureus (Электрондук микроскоп).

Стафилококктор (лат. Staphylococcus, гр. staphyle- бир тал жүзүм жана kokkos - дан) -шар сымал бактериялардын уруусу; клеткалары кыймылсыз спора пайда кылбайт.

Бөлүнүү жолу менен көбөйөт, пайда болгон жаны клеткалар бир биринен ажырабай топтошуп бир тал жүзүмгө окшошот, бирден, экиден да кездешет. Айрымдары углевод жана спирттерди ачытып, кислоталарды, ошондой эле кээ бири уу продуктуларды пайда кылат. Стафилококктор - оору козгогучтар; жараланган жерлерди, чыйканды, терини ириндетет, тамак-ашта өөрчүп, аны жегенде ууландырат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.