Стахиботриотоксикоз

Википедия дан

Стахиботриотоксикоз - малдын козу карындан бузулган кесек тоютту жегендеги уукмасы.

Козу карындын уу заттары борбордук нерв системасына, кан тамыр керегесине таасир тийгизет. Кан айлануунун, минерал зат алмашуунун, ичеги ткандарынын бузулушу ж. б. өзгөрүү байкалат. Стахиботриотоксикоз тез таралып, малдын көбү ооруйт. Малдын дене температурасы көтөрүлүп, тоютка табити тартпайт, ууртуна жара чыгат, шишийт; жылкынын шилекейи чубуруп, жаталактайт; уйдун мурдунан шүүшүн агып, кан аралаш чычкактайт.

Дарылоо (дезинфекция, антибиотиктер ж. б.) оору чыгаар замат жүргүзүлсө натыйжалуу. Профилактика: кесек тоютту (чеп, саман) жыйноонун жана сактоонун агротех. эрежелерин тутуу. Бузулган тоютту өрттөп жок кылуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.