Стека

Википедия дан

Стека («Стэка» деп окулат; итал. stecca) – скульпторлук технологиясында ылайдан, мом жана башка жумшак материалдан жабыштырып чаптоодо колдонулуучу аспап. С. учтарын көздөй кеңейип кеткен, түз же кайчылаштырылган далы, ланцет формасындагы анча чоң эмес (көбүнчө ийилген) таякчалардан турат, жыгачтын атайын сортунан, металлдан же сөөктөн жасалат. Догоо түрүндө же үч бурчтук болуп ийилген зымдан С-нын учтары жасалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]