Степаненко Иван Никифорович

Википедия дан

Степаненко Иван Никифорович - эки жолу Советтик Союздун Баатыры (1944, 1945), авиациянын генерал-майору (1958), СССРдин эмгектин сиңирген аскер учкучу (1966).

  • 1942-жылдан КПСС мүчөсү.
  • Дыйкандын үй-бүлөсүнөн.
  • 1940-жылдан Сов. Армияда. А. Ф. Мясников атындагы Кача аскер авиация мектебин (1941), М. В. Фрунзе атындагы (1949) Ж-а Генштаб (1957) Аскер академияларын бүткөн, Улуу Ата Мек, согушта (1941-45) Түштүк, Сталинград, Түндүк Кавказ, Брянск, 2-Прибалтика жана Ленинград фронтторунда салгылашып, учкучтан эскадрильянын командирине чейин жеткен.
  • 414 согуштук учуш жасап, жеке өзү душмандын 33, башкалар менен 8 самолётун атып түшүргөн.
  • Согуштан кийин ААКта жооптуу командирлик кызматтарда.
  • Ленин ордени, 3 Кызыл Туу, 1- жана 2-дараж. Ата Мекендик Согуш, Александр Невский, 5 Кызыл Жылдыз ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.