Стереотип

Википедия дан

Стереотип, саясий (гр. stereos - катуу жана typos — из, так) - саясий мейкиндикти түзгөн саясий аң-сезимдин же иш-аракеттин туруктуу жана массалык кубулушу.

Стереотиптер саясий иерархиянын бардык деңгээлинде кайра өндүрүлөт, ойлонбостуктун жана рационалдыктын чөйрөсүн иреттештирет, ошондой эле саясий практикада басымдуулук кылат. Стереотип коомдо биримдикти түзгөн жана элитанын башкаруучулук ишмердүүлүгүн жеңилдетүүчү саясий клишенин, шаблондордун жана трафареттердин кызматын аткарат. Саясий Стереотипсиз саясий уюм мүмкүн эмес, анткени алар инсандын экстериоризациясы жана анын социалдашуусунун шарты катары чыгышат. Терс мааниде Стереотиптер саясаттын туруктуу кубулуштарын билдирет, алар чындыкка туура келбейт, бирок тастыкталган, түптөлгөн болуп саналышат. Саясий Стереотиптер ар кандай феномендерди билдириши мүмкүн, терең идеологиялык аксиомалардан баштап тышкы учурларга чейин, мис., саясаттардын имиджине болгон мода. Стереотип оң жана терс мааниге ээ болушу мүмкүн. Алар аң-сезимге реалдуу чындыктын түртүү таасири астында түшүнүү менен жана түшүнүүсүз киришет. Терс Стереотиптер - бар болгон саясий структураны, анын элитасынын ишмердүүлүгүн стабилдештирет. Ар бир саясий тутум алибилештирүүгө муктаж, биринчи кезекте, калктын кызыкчылыктарына адекваттык эмес, мамлекетке бүтүндөй же саясий түзүмдүн практикасынын жана идеологиясынын ортосунда бөлүнүү болсо. Стереотиптер менен өзгөчө тоталитардык мүнөздөгү саясат жүктөлгөн. Стереотиптер оппозициянын, электораттын ж.б. болуп бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8