Стив Жобс (тасма)

Википедия дан

"Стив Жобс" (англ. Steve Jobs) - 2015-ж.жарыкка чыккан Англо-Америкалык драма тасмасы, режиссеру Дэнни Бойл, сценарийи Аарон Соркинге таандык. Тасма Уволтер Айзексонго таандык болгон дал ушул ысым менен чыккан өмүр баяндын негизинде тартылган. Интервьюлар Соркин тарабынан алынган,тасма өздүк компьютердик инновацияны жараткан жана Эпл компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири болгон Стив Жобстун 14-ж.(1984-1998жж.) жашоо окуяларын камтыгандыктан 3 актка бөлүнгөн. Ар бир акт Эпл Макинтош, Некст компьютер жана АйМак сыктуу негизги үрүндөрдүн тез арада жогорку деңгээлге жеткендигин чагылдырган. Жобстун ролун Майкл Фассбендер жана башка колдоочу ролдорду Кейт Вислет,Сет Роген,Кетрин Уотерстон,Майкл Стулбарг,Джефф Дэниелстар жаратышкан.

2011-ж.Айзексондун китебине укуктар ыйгарылган соң долбоорду өнүктүрүү проекты башталган. Соркин 2015-ж. январь айында тасманы тартуу башталгандан кийин сценарийди жазган. Фассбендер башкы ролго тандалып алынганга чейин, көптөгөн ар түрдүү актерлор электен өткөн. Тасманы редакциялоо узакка созулган, редактор Эллиот Грехам тасма тартылып жаткан маалда, редактор колдо болгон кадрлар менен иш алып баргандыгын баса белгилеген. Тасманын композитору Дэниел Пембертондун негизги фокусу бардык бөлүктөрдүн өздүк айырмасынын болуусуна бурулган.

Стив Жобс 2015-ж. 5-сентябрында болуп өткөн 2015-ж. Теллурид тасма фестивалында алгачкы жолу көрсөтүлгөн, анан соң 2015-ж. 9-октябрында Нью Йорк шаарында жана Лос Анжелесте чектелген көрсөтүүлөр болуп өткөн. Сынчылардын пикирине татуу үчүн дүйнөлүк көрсөтүүлөр 2015-ж. 23-октябрында башталган. Стив Жобско жакын болгон Стив Возняк жана Джон Скалли тасманы мактагандарына карабастан, кээ бир сценалардын канааттандырарлык деңгээлде тартылбагандыгы жана түзүлүшү боюнча сынга алынган. Уинслет мыкты актриса наамында Алтын Глобусту жана БАФТА сыйлыгын "Эң мыкты экинчи ролдогу актриса" аталмасында уткан жана Соркин 73чү Алтын Глобус мааракесинде "Эң мыкты сценарий" аталмасында Алтын Глобуска татыган ал эми Фассбендер жана Винслет 83чү Оскар сыйлыгынын мааракесинде "Эң мыкты актер" жана "Эң мыкты экинчи пландагы актриса" наамын жеңишкен.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]