Страдивари

Википедия дан

Страдивари, Страдивариус Антонио [болжол менен 1643 (же 1648,1649), Кремона - 1737, ошол эле.жер] - италян скрипка жасоочу устасы.

Н. Аматинин шакирти. Кремона шаарында менчик өнөркана ачкан(1667-ж. ченде). 1704-25-ж. концерттик сапаты мыкты, ачык тембрлүү скрипкаларды, ошондой эле виолончель жана альттарды жасаган.

Москвадагы сейрек учуроочу музыкалык аспаптардын мамлекеттик коллекциясында анын бир нече скрипка, альт, виолончели сакталган. Страдивариден уулдары Франческо (1671 -1743) менен Омобоно (1679-1742), ошондой эле К. Бергонци таалим алган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.