Стрельникова Федосия Афанасьевна

Википедия дан

Стрельникова Федосия АфанасьевнаКыргыз ССРинин Фрунзе облусунун Ворошилов районундагы «Аламүдүн» асыл тукум совхозунун директору, Сталиндик сыйлыктын лауреаты, ошондой эле СССР Жогорку Советинин 1 жана 3-чакырылышынын, Жогорку Советинин депутаты болгон[1].

Ал 1900-жылы кедейдин үй-бүлөсүндө Казахстанда туулуп, жаш кезинен баштап башынан көп кыйынчылыктарды жана ачкачылыкты өткөрөт.

Октябрь анын жашоосунда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Улуу Октябрь революциясы анын жашоосуна чон өзгөрүүлөрдү алып келет. 1924-жылы биринчилерден болуп жолдошу менен Кант районундагы «Аламүдүн» совхозунун жумушчусу болгон. Жаны уюшулган фермада 40 гана уй болгон жана Феодосия музоочу, андан кийин саанчы болуп иштейт. 1932-жылы илимпоз-зоотехниктер менен бирдикте чарбанын гана эмес, буткул республиканын малынын асыл тукумдуулугун жогорулатууга жөндөмдуу уйлардын чакан тобунан жаш малдын чон короосун өстүрүүгө киришти. Бул зоотехник-селекционерлердин бодо малдын жаны породасын түзүү боюнча зор эмгектин башталышы болгон.[2]

1935-жылы Стрельникова Киргизияда саанчылардын арасында стахановдук кыймылдын туусун көтөрдү. Бир жылдан кийин Москвада рекорддук сүт саап алуу үчүн  Бүткүлсоюздук айыл чарба көргөзмөсүндө чоң алтын медаль менен сыйланган. 1937-жылы биринчи чакырылыштагы СССР Жогорку Советинин депутаттыгына шайланган. 1939-жылдагы эмгектеги ийгиликтери үчүн Буткулсоюздук староста М. И. Калинин Кремлде ага Ленин орденин тапшырат. Ошондой эле, коммунисттердин катарына кошулат.

Согуштун кыйын 1941-жылында Феодосия племсовхоздун директору болот. Анын түздөн-түз катышуусу менен бодо малдын жаны “Алатоо” породасы чыгарылды. Бул зор эмгеги үчүн ал Кыргызстандын окумуштууларынын тобу менен бирге 1951-жылы СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал үч Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу жана «Ардак Белгиси» ордендери, «Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн» медалы, СССРдин жана Кыргыз ССРинин көптөгөн Ардак грамоталары жана грамоталары менен сыйланган. 1957-жылдын 8-марты племсовхоздун бүткүл коллективи үчүн Стрельникова Феодосия Афанасьевнага Социалисттик Эмгектин Баатыры деген наам берилгенде эсте каларлык болду. Эки жумадан кийин, 1957-жылдын 23-мартында дүйнөдөн кайтты.

Кыргыз өкмотү 1958-жылы анын элесин түбөлүккө калтыруу чечимин кабыл алды. Племсовхоз “Аламдүн”, “Арашан” айылы, орто мектеп кыргыз жеринин ишенимдүү кызынын ысымы менен аталган жана Стрельниково айылынын айылдык паркында анын коло бюсту орнотулган.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. http://strelnikovs.ru/personalities/geroi-sovetskogo-sojuza-i-geroi-socialisticheskogo-truda/strelnikova-feodosija-afanasevna-1900
  2. Бектурганова Кульбюбю Арыковна Б-24, Дочери земли кыргызской, - Б.: ОАО “Акыл” издательсвто “Кыргызстан”, 2003 г,  ISBN 5-655-01517-х (168-169стр)