Стрельченко Иван Иванович

Википедия дан

Стрельченко Иван Иванович - эки жолу Социалисттик Эмгектин Баатыры (1966, 1978), шахтёр данкынын толук кавалери.

  • 1959-жылдан КПСС мүчөсү.
  • Эмгек жолун 1948-ж. Херсон кеме куруу заводунда жыгач усталыктан баштаган.
  • 1955-ж. «Трудовская» шахтасында (Донецк ш.) өткөөлчү, 1957-жылдан бригадир.
  • Анын бригадасы жаны кен техникасын ийгиликтүү өздөштүрүп, 1966-ж. жогорку техника-экон. көрсөткүчтөргө жетишкен.
  • 1976-ж. Донецк политех, институтун бүтүрүп, участканын башчысы.
  • 1978-ж. ал башкарган участка эмгек өндүрүмдүүлүгүн, өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатууда жана план тагтырмаларын орундатууда көрүнүктүү көрсөткүчтөргө жетишкен.
  • Украина КП БКнын мүчөсү (1966). КПССтин 24- съездинин делегаты.
  • СССР Жогорку Советинин (7-8-9-шайл.) депутаты.
  • Стрельченконун туулган жерине коло бюсту орнотулган.
  • Үч Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.