Стрим видео

Википедия дан

(Stream video- Стрим видео) компьютерге жүктөлгөн узак кыймылдуу сүрөттөлүштү же видеолорду көрсөтө алат. Стрим видео Интернет аркылуу телекөрсөтүүнүн жардамы менен видео конференцияларды өткөрүүгө мүмкүндүк берет. Видео камера менен тартылгандай, видео конференция програмдык жабдыктары жана компьютердин видео адаптери сүрөттөлүштөрдү жана үндү сандык сигналга өзгөртөт жана кысат. Булар берилиштер пакеттерине бөлүнөт жана Интернет аркылуу жиберилет. Кабыл алуучу жактагы програмдык жабдык жана жабдуулар пакети которулат. Кысылган берилиштер алгачкы абалга келтирилет жана сүрөттөлүш менен үндү видео түрүндө көрсөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]