Строганов окуу жайы

Википедия дан

Строганов окуу жайы – Москвадагы көркөм өндүрүш жана турмуштук кооз буюмдар көркөм искусствосунун бардык тармактары боюнча адис сүрөтчүлөрдү даярдоочу көркөм окуу жай. Окуу жайды 1825-ж. С. П. Строганов негиздеген жана адегенде ал «Көркөм искусство жана кол өнөрчүлүккө карата сүрөт мектеби» деп аталган. Окуу жайдын ишмердигин жогорулаган XIX кылымдын акыры XX кылымдын башында 1902-ж. устав боюнча окуу жайда жалпы билим берүүчү 8 көркөм класс жана бир нече өнөрканалар (жасалга-живопистик, токуу, столярдык-эмерек чыгаруучу, металл куюу, скульптуралык, сокмо, эмаль, айнек иштетүү, сайма жана башкалар) болгон. Алар өз ичине көркөм-өндүрүш мектебин (биринчи беш классты) жана көркөм-өндүрүш окуу жайын (үч жогорку класстан турган) камтыган. 1918-ж. Строганов окуу жайы биринчи мамлекеттик эркин көркөм өнөрканалар болуп кайра түзүлгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]