Стряпкина Мария Сергеевна

Википедия дан

Стряпкина Мария Сергеевна - орус совет актёру, Кыргыз ССР эл арт. (1976).

  • Горький шаарындагы В. И. Ленин атындагы Маданият уйүнүн театр студиясын (1935) жана Вахтангов атындагы Театр окуу жайын сырттан окуп (1940) бүткөн.
  • 1941-44-ж. Горький шаарынын Чкалов атындагы театрында, 1944-61-ж. Томский обл. жана Владивосток крайлык театрларында актёр болгон.
  • 1961-жылдан Фрунзе шаарындагы Крупская атындагы Орус драма театрында иштейт. Жөндөмдүү артист дүйн. жана советтик драматургиядан жуздон ашык спектаклге катышып, бир катар жаркын образдар жараткан.
  • Ролдору: Софья (А. Грибоедов, «Акылдын азабы»), Мария Мнишек (А. С. Пушкин, «Борис Годунов»), Ульяна Громова (А. Фадеев, «Жаш гвардия»), Луиза (Ф. Шиллер, «Жүзү каралык жана сүйүү»), Маргарита (У. Шекспир, «Ричард III»), Айша (Т. Абдумомунов, «Абийир кечирбейт») ж. б.
  • Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.