Суваналиев, Исак

Википедия дан

Суваналиев, Исак-Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты.Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу.
1926-жылы Киров районундагы Крупская айылында туулган.
1949-жылы Фрунзедеги айыл чарба мектебин бүткөн.1940-1944-жылы Талас обласынын Киров районунун Крупская атындагы колхоздо колхозчу, башкарманын орун басары, парткомдун катчысы, 1955-1970-жылы партиянын Талас, Киров райкомдорунун катчысы, 2-катчысы, ошондой эле райондордун эмгекчилер депутаттарынын райондук кеңешинин төрагасынын орун басары орун басары, 1970-1973-жылдары Тогуз-Торо районунда эмгекчилер депутаттардын райондук кеңешинин төрагасы, 1973-1978 Тогуз-Торо райкомунун 1-катчысы , 1978-жылдан Киров райондук айыл чарба башкармасынын болуп иштеген.
Эмгек Кызыл Туу ордени, Ардак белгиси ордени, СССР Жогоуку Советинин Президиумунун “Эрдиги үчүн” медалы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы, Бүткүл Союздук эл чарба көргөзмөсүнүн коло, күмүш медалдары менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Асанов.У, Асаналиев.З, Атабаев.А “Нарын обласына 70 жыл.Энциклопедия”-,Бишкек, 2009