Суванбердиев, Тургунбек

Википедия дан

Суванбердиев Тургунбек (1921, Манас району, Таш-Башат айылы — 11.1989, Бишкек) — чарбалык ишмер, журналист, котормочу.
1949-ж. КПСС БКнын алдындагы жогорку партиялык мектепти бүтүргөн.
1939-ж. Кыргызстан ЛКЖСнын Киров райкомунда пропаганда жана агитация бөлүмүнүн башчысы, 1940—45-ж. «Кызыл Кыргызстан» гезитинде адабий кызматкер, бөлүм башчы, жооптуу катчы, жооптуу редактордун орун басары, 1945—46-ж. «Ленинчил Жаш» гезитинин редактору, 1949-ж. Кыргызстан ЛКЖСнын Фрунзе обкомунун 1-катчысы, 1950—51-ж. «Коммунист» журналынын башкы редакторунун орун басары, 1951—53-ж. Кыргызстан КП БКда сектор башчысы, 1953—56-ж. Радиоинформация башкы башкармасынын начальниги, 1956—58- ж. Кыргызмамбастын директору, 1958—63-ж. «Советтик Кыргызстан» гөзитинин редактору, 1963—66-ж. Кыргыз ССР Министрлер Советинин басма сөз боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы, 1966—89-ж. Кыргызполиграфкомбинаттын директору, 1958—67-ж. Кыргыз ССР журналисттер союзунун төрагасы жана СССР журналисттер союзунун башкармасынын катчысы. Мындан башка көптөгөн коомдук иштерди аткарган.
Ал М. Ауэзовдун «Абай жолу» эпопеясын, В. Лениндин бир катар чыгармаларын, Джон Риддин «Дүйнөнү дүңгүрөткөн 10 күнүн», С. Штеменконун «Генштаб согуш жылдарындасын», Н. П. Камениндин, С. Габбасовдун И. Каракуловдун жана башка чыгармаларын кыргыз тилине которгон.
Көптөгөн очерктерди, публицистикалык макалаларды, эскерүүлөрдү жана башкаларды жазган.
Кыргыз ССР эл агартуу отличниги (1986), СССР басма сөз отличниги (1971, 1986), СССР маданият министрлигинин «Эң мыкты иштегендиги үчүн» төш белгисинин (1957) ээси. Эмгек Кызыл Туу (1962), Ардак Белгиси (1946) ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1959—67). Суванбердиевдин ысмы менен Манас районундагы тажрыйба станциясы (мурдагы Кыргызстандын 40 жылдыгы совхозу), Бишкек шаарында, Манас районунун Таш-Башат айылында көчө аталган. Кыргызполиграфкомбинатынын имаратына мемориалдык такта орнотулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Талас облусу энциклопедия. Бишкек-1995-ж.