Сулайманов, Харки Юсупович

Википедия дан

Сулайманов, Харки Юсупович (1895–1937) – Жетисууда Совет бийлигин орнотуу жана чыңдоо үчүн күрөштүн катышуучусу. Верныйдагы орус-тузем мектебин, 1928-ж. Ленинграддагы партиялык мектепти бүтүргөн. Совет бийлигин чыңдоо үчүн дуңган, уйгур, казак эмгекчилеринен кошуун уюштурууга катышкан, атчандар полкунун аскер комиссары. Кыргызстанда Ферганадагы контрреволюциячыл күчтөрдү талкалоого катышкан. Кийин советтик жана чарбалык ар кандай кызматтарда эмгектенген.


Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети. ISBN