Сулайманов Самарбек Мамашевич
Сулайманов Самарбек Мамашевич (14.3.1948-ж.т., Коргон-Төбө кыштагы) - билим берүүнүн отличниги.
- Фрунзе медициналык окуу жайын (1972), КМУнун биология жана химия факултетин (1979) бүткөн.
- Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн (1967-69).
- Эмгек жолун Чаткал совхозунда эсепчиликтен баштаган (1966).
- Сумсар участкалык ооруканасында фельдшер (1972-73),
- Шекафтардагы В.И.Ленин атындагы жатак мектепте тарбиячы жана мугалим, директордун тарбиялык ишгер боюнча орун басары (1975-1983), райондук элге билим берүү бөлүмүндө усулкана башчысы (1983-85), райондук социалдык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы (1985-86), Чаткал райондук администрациясынын жер комитетинде инспектор (1986-90), Терек-Сай орто мектебинин директору (1992- 98), Шекафтар гимназия жатак мектебинде мугалим (1999- 2008), №2 мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы (2000-08) болуп иштеген.
- Грамоталар менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6