Сулейманов, Бахадыр Искакович

Википедия дан

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сулейманов Бахадыр Искакович "Ата-Журт" депутаттык фракциясынын депутаты.
Сулейманов Бахадыр Искакович Казакстан Республикасынын Жамбул областынын Жалпак-Дөбө айылында 1963-жылдын 4-майында туулган.
Билими жогорку.
1985-жылы Новосибирск Советтик кооперативдик соода институтун “Коомдук тамактануу технологиясы жана уюштуруу” адистиги боюнча аяктаган.
1997-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин юридикалык факультетинен “Юриспруденция” адистиги боюнча билим алган.

Ишмердүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эмгек жолун 1985-жылы Киров райондук керек-жарак бирлигинин Киров нанбулочка комбинатынын өндүрүш башчысы болуп иштөө менен баштаган.
1986-жылы Талас облусунун Киров райондук керек-жарак бирлигинин Коомдук тамактануу бирикмесинин өндүрүш башчысы болуп которулуп, ал жерде 1989-жылга чейин иштеген.
1989-1991-жылдары Чүй облусунун Кант райондук керек-жарак бирлигинин Коомдук тамактануу бирикмесинин директорунун орун басары болуп эмгектенген.
1991-2001-жылдары Канттагы дүң-чекене жашылча-жемиш даярдоо конторасынын директору болуп иштеген.
2001-2003-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча Мамлекеттик комиссиясынын төрагасынын орун басары болгон.
2003-жылдын мартында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин тескемеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча Мамлекеттик комиссиясынын төрагасы болуп дайындалып, анда 2005-жылга чейин иштеген.
2007-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Бюджет жана финансы комитетинин бөлүмүндө эмгектенген. 2008-2009-жылдары “Квалитет” ЖЧКсында кеңешчилик кызматты аткарган.
2011-жылдын февралынан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышына “Ата-Журт” идеалисттик демократиялык саясий партиясынан тизме боюнча депутат болуп шайланган.
КРнын 3-класстагы Мамлекеттик Кеңешчиси.
Кыргыз Республикасынын Дунган коомдук бирикмесинин Кеңешинин башкарма мүчөсү.

Шилтеме[түзөтүү | булагын түзөтүү]

[[https://web.archive.org/web/20110815203415/http://kenesh.kg/Articles/1579-SULEJMANOV_Baxadyr_Iskakovich_AtaZHurt_deputattyk_frakciyasy.aspx Archived 2011-08-15 at the Wayback Machine]] Cotegory: Персоналия