Султаналиева Калдыке

Википедия дан

Султаналиева Калдыке Уз. 1933-ж. Нарын районундагы Жалгыз-Терек айылында төрөлгөн.

Педагодук кесипте эмгектенген. Колдонмолук жана жасалгалык мааниге ээ болгон чебердин боз үйүнүн жабык башынан четтик оюму «бычак учунан», «ит куйрук оюмунан», «бадам оюмунан» турат. Тиш-тиш болуп, «мүйүз оюмунан», «жарым кыял оюмунан», «кочкор мүйүз оюмунан» айкалышкан орголук оюму «аламычтанып» кетет. Ал кызыл-жашыпдан болуп, жасалганын бир беткей келүүсү жагымдуу көрүнүш. Аяын ак этегинин (жабык баштын «ала мончогу») ак-кызылдан берялиши терме тегирич менен жабык башты шарттуулукта бири-биринен бөлүп турат. Мындай көрүнүш эшик чийдеги чырмакчылыкка (анда «мүйүз оюмунун», «бадам оюмунун» жупташуулары бар) үндөшүп, жалпысынан чымчык чаарланбай, бир беткей, «жашыл үйгө» чаап турушу уздук татымды билдирет. Калдыке үйүндө үйрөнчүктөрдүн жолун улоодо. Кыздары Венера - өрмөкчү, Роза - чырмакчы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0