Султанбекова Чолпон Аалыевна

Википедия дан

өмүр жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

СУЛТАНБЕКОВА Чолпон Аалыевна-1969-жылы 19-августа Бишкек] шаарында туулган.
Жогорку билимдүү.

Билими[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1991-жылы Москва шаарындагы Мичурин мамлекеттик педагогикалык иститутун бүтүргөн.
2006-жылы Кыргыз мамлекеттик Юридикалык академиясынынын «Юриспруденция» адистигин аяктаган.
2007-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министирлигинин алдындагы Дипломатиялык академиясынын «Эл аралык мамиле» адистигин бүтүргөн.

Эмгек жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эмгек жолун 1991-жылы Жалал-Абаддагы Жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн (ЗАГС) жетектөөчү адистигинен баштаган.
1995-2010-ж.ж.«Палван» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору.
1998-2010-ж.ж. «Алмаз» Акционердик коом башкармалыгынын төрайымы;2000-2001-ж.ж. Кыргызстан аялдар конгрессинин түштүк регион боюнча президенти; 2003-2005-ж.ж.«Кыргыз Соода Биримдиги» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору.
2005-жылы«Эко Гармония Женщин» коомдук бирикмесинин түзүүчүсү.
2004-жылы Азия боюнча (Азиялык) «Алыш» белбоо күрөш федерациясы коомдук уюмунун президенти;2005-жылы Эл аралык «Алыш» белбоо күрөш федерациясынын ардактуу президенти болуп шайланган;
2010-жылы октябрь айында Кыргыз Республикасынын V чакырылышындагы Жогорку Кеңешине «Республика» саясий партиясынан депутат болуп шайланды.

Шилтеме[түзөтүү | булагын түзөтүү]

http://www.kenesh.kg/