Султания күмбөзү

Википедия дан

Султания күмбөзү گنبد سلطانیه[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Султания күмбөзү Олжайтунун күмбөзү 1302-1312-жылдары Султания шаарында (Хулагуиддердин борбору) курулган жана Иран Ислам архитектурасынын маанилүү тарыхый курулуш, азер архитектуралык методу болуп саналат. Султания күмбөзү бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине катталган.

Өзгөчөлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Күмбөздүн бийиктиги 5.48 метр, диаметри 5.25 метр, хежри жылнаамасы боюнча 703-жылы Олжайтунун (Султан Мухаммад Худобанде) буйругу менен Али ибн Али Талеб шииттердин биринчи имамынын сөөгүн Нажафтан Султанияга алып келиш үчүн курулган. Бул курулуш 10 жыл ичинде 3000ден ашык куруучу тарабынан салынган. Күмбөздүн кооздолушу жана салуу ыкмасы ошол доорунун жогорку архитектуралык чеберчилиги менен айырмаланып, Селжук архитектурасы менен көп окшоштугу бар. Бул курулушта 8 балкон жана 8 мунара бар, айтуулар боюнча бейиштин 8 эшигинен үлгү алынган. Дубалдар эки катмар кооздолгон, биринчи кооздолуу кыштын үстүнө түшүрүлгөн, кыштардын ортосуна мусулмандардын асман китеби Куран Каримдин аяттары, Кудайдын аты, ислам пайгамбарынын ысымдары, шииттердин биринчи имамынын ысымы жана падышанын аты чегилип жазылган. Бирок убакыттын өтүшү жана белгисиз далилдер менен падыша (Султан Мухаммад Худабанде) аны акиташ менен актатып салган. Султания күмбөзүнүн имараты үч негизги бөлүктөн: кире бериш, турбат үй жана жер төлөдөн турат. Олжайту падыша Алинин сөөгүн алып келүүдөн үмүтү үзүлгөн соң Нажаф жана Карбаладан Султанияга топурак алдырып келип, күмбөз салдырган. Ошентип ал турбат үйү деген ат менен таанылган. Падыша өзүн жер төлөгө көмүшүн осуят кылган. Олжайту курулуш бүткөндөн эки жылдан соң 34 жаш курагында оорунун натыйжасында дүйнөдөн кайткан. Ошентип анын жер төлөсүнө падышанын сөөгү коюлган, бирок кээ бир тарыхчылар падышанын сөөгүн башка жерге коюшкан деп эсептешет. Кээ бирлери аталган чоң күмбөздү Флоренция шаарынын архитектурасынын үлгүсү менен курулган деп билишет. Бул күмбөздүн чоңдугу менен Санта Мария дель Фьоро күмбөзү жана Айя София (Константинополь) күмбөздөрүнөн кийинки орунду ээлейт.

Ошондой эле[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Дүйнөлүк мурастар аймактык жадыбалы

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Soltaniyeh — UNESCO World Heritage Centre=
  • Султания күмбөзүнүн Санта Мария дель фьоро күмбөзүнүн архитектурасына тийгизген таасири, Перу сан Паулузи =
  • Султаниянын расмий сайты =
  • Soltaniyeh — UNESCO World Heritage Centre =
  • Бул макала Мухаммад Муайандын сөздөрүнүн бир бөлүгү. Анын моралдык укутары Мухаммад Муайанга таандык=

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Википедияда Султания күмбөзү жөнүндө маалыматтар бар
  • Султаниянын расмий сайты
  • Султания күмбөзүнүн видео сүрөттөрү
  • Султания күмбөзүнүн сүрөттөрү
  • Фапнуш Техрани, «Султан күмбөздөрү» жаңы онлайн. 22 декабрь 2009-жыл.

https://fa.wikipedia.org/wiki/%DA%AF%D9%86%D8%A8%D8%AF_%D8%B3%D9%84%D8%B7%D8%A7%D9%86%DB%8C%D9%87