Сумо

Википедия дан

Сумо (жап. 相撲 ) — бул Жапон элинин улуттук күрөшү. Анда шоу менен ыйык ырым-жырымдар айкалышат. Таймашуунун алдындагы жасала турган мындай философиялык ырым-жырым бир дагы спортто жок. Атаандаштар таза ой менен, куралсыз келгенин өздөрүнүн кыймыл аракеттери менен көрсөтүшүп, чынчыл мелдеште өздөрүнүн артыкчылыгын далилдегенге даяр экенин билдиришет. Жапон сумосундагы негизги түзүм болуп – бул рух, техника жана дене. Сумонун башкы принципи төмонкүчө: “жеңген соң көппө, жеңилген соң чөкпө!”

(Дохё) Сумо аянтчасы жерден бийигирээк көтөрүлгөн дөңсөдө, түбү чоподон куюлган фундамент жана аягы жерге киргизилип, тегерете, күрүч чийлеринен токулган жгуттар менен курчалган. Таймашка эки атаандаш чыгат. Атаандашын атайын белгилеген аянттан түртүп чыгарса же анын таманынан башка дене мүчөсүн жерге тийгизсе утушка ээ болот. Таймашка балбандан узундугу 9 метр 80 см болгон атайын бел курду байланып чыгышат. Күрөшчүлөрдүн плавкисине окшогон түрдө белине тегерете жана аласынан өткөрүп байланат. Күрөштүн алдында балбандар символдук маанини туюндурган, салттык кыймылдарды жасашат. Алар: дохёдон басышып, жаман күчтөрдөн аянтты тазалоо максатта ууч-ууч туздарды чачышат, сико туруп турууну тартибин жасашат. Салгылаш алдында сикири психологиялык таймаш сезгентүүлүк башталат, муштумдарын түйүү менен жайдан бири бирине, өтө жакын аралыкта бетме бет келишип, көз караштары менен оё тиктешип, сүр берип, коркутууга аракет кылышат да, андан соң күрөш башталат. Таймаш бир нече секундтан бир нече минөткө чейин созулат. Атаандаштардын 150 кг өйдө салмактарынан улам оюн өзгөчөлөнүп, элдерге кызыгуу жаратат.