Супердин сулуусу 2013
Супердин сулуусу 2013 | ||||
Датасы |
13-14 декабрь | |||
---|---|---|---|---|
Уюштуруучу | ||||
Өткөрүлүүчү жер | ||||
Катышуучулардын саны |
14 | |||
Даярдалган орундар |
1 | |||
Жеңүүчү |
Орункүл Шабралиева | |||
Саякатка жолдомо |
1 | |||
Саякат | ||||
| ||||
super.kg |
Супер сулуу 2013 - 7-жолку «Супер сулуу» сынагы 13-14-декабрда Улуттук филармонияда 14 финалчы менен болуп өттү.Суйкайган селкилер алгач алып баруучулардын чакыруусунда коктейль көйнөгү менен сахнага чыгышты. Элдин сүрү оңой эмес, ошентсе да алар өздөрүн ар тараптуу тааныштырып жатышты. 2-тапшырма боюнча бийкечтер чыгыш бийин бийлешти.Суктанган көрөрмандар сулууларга ыраазы боло сахна артына узатышты. Анан эле кыздар кыш мезгилин унуттуруп бикини менен шаңдуу музыка коштоосунда эл алдында болушту. Убакыт тез эле 4-тапшырманы багындырды. Жай музыканын ыргагында кече көйнөгүн көргөзгөн сулуулар кезекти калыстар тобуна узатышты.калыстар тобунун төрайымы КРнын Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева катышуучулардын баарына кореялык «Tony Moly» компаниясынын косметикаларын тапшырды.
Жеңүүчүлөр
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Керемет Жеңишова super.kg порталында көп талкууга алынып, жакшы пикирлерге ээ болгондугу үчүн «Super.kg ажары» деп табылып, «Келдике» зер үйүнөн баалуу топтомдор, «Табылга» соода борборунан 3000 сомдук сертификат менен сыйланды.
- Айзуура Иманалиева «Сымбаттуу сулуу» наамына арзып, ага «Александра» мода үйүнөн 10 000 сомдук сертификат, «Табылга» соода борборунан 3000 сомдук сертификат, «Келдике» зер үйүнөн топтомдор тапшырылды.
- Рахима Кускаковага «Ажарлуу сулуу» наамына татыган «Табылга» соода борборунан 10 000 сомдук сертификат ыйгарылды.
- Орункүл Шабралиева Өзүн сахнада татыктуу көргөзүп, толкунданууну жеңип ар бир тапшырманы орду менен аткарып, калыстар тобунун жогорку баасына татыган «Супер сулуу-2013» деп табылды. Баш байге ээси экзотикалык өлкөгө жолдомо жана «Табылга» соода борборунун 3000 сомдук сертификатын утуп алды.
Сынактын кульминациясына кезек жетип, «Супер сулуу-2012» наамынын ээси Гузель Келдибаева кымбат баалуу таажыны Орункүл Шабралиевага өткөрүп берди. Аталган сынактын баш байге ээси Орункүл сүйүнүчтөн көзүнө жаш алып, ыраазычылыгын төмөнкүчө билдирди:
Бардык эле катышуучулар келишимдүү, ажарлуу кыздар болчу. Ошентсе да үчилтикке кирериме ишенгем. Ушул сынакты уюштуруп, бизге сонун мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берген «Супер-Инфо» гезитине терең ыраазычылык билдирем.