Суперфосфат

Википедия дан

Суперфосфат - кенири таралган фосфордуу минерал жер семирткич.

Суперфосфат жогорку проценттүү апатиттүү концентратты же табигый фосфатты 61- 67% күкүрт кислотасы менен ажыратуудан алынат. Суперфосфаттын негизги баалуу заты - сууда эригич, өсүмдүккө жагымдуу фосфор кычкыл кальций. Андан башка да фосфор кислотасы, гипс, кальций дифосфаты жана аз санда өсүмдүккө кыйындык менен сиңирилүүчү фосфор кычкыл темир, алюминий туздары болот.

Негизги жер семирткич катары колдонуудагы Суперфосфаттын өлчөмү топурактын күрдүүлүгүнө, өсүмдүктүн түрүнө жана агротехниканын шартына жараша белгиленет. Суперфосфат жерди айдоодо, себүү алдында, культивациялоодо жана тондурма айдоодо чачылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.