Супрун Степан Павлович

Википедия дан

Супрун Степан Павлович - эки жолу Советтер Союзунун Баатыры (1940, 1941, өлгөндөн кийин), авиациянын подполковниги (1940).

  • 1930-жылдан КПСС мүчөсү.
  • 1910-жылдан Канадада жашап, 1924-ж. СССРге кайткан.
  • 1929-жылдан Кызыл Армияда.
  • Кенже авиац. адистер (1930) жана учкучтардын аскер мектебин (1931) бүткөн.
  • 1939-ж. июлдан 1940-ж. январга чейин Кытайда япондук милитаристтерге каршы согушта истребителдер тобуна, Улуу Ата Мек. согушта (1941-45) 401-истребителдик авиаполкко командир.
  • Жеке өзү душмандын 2 самолётун атып түшүргөн.
  • Аба салгылашында курман болгон. СССР Жогорку Советинин (1-шайл.) депутаты.
  • Эки Ленин ордени жана чет элдик орден менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.