Сурамжылоо

Википедия дан

Сурамжылоо – ыкчам иликтөө кызматкеринин иликтенип жаткан окуянын иш жүзүндөгү маалыматтары жана ага тиешеси бар адамдар жөнүндө бирдеме белгилүү болгон жаран менен жеке аңгемелешүүсүн билдирген, ыкчам-иликтөө чараларынын бири. Жарандарды С-го алар өз ыктыярлары менен макул болгондо гана жол берилет. Козголгон кылмыш-жаза иши болбогон учурда ал жарандарды С. жашаган жерлери боюнча милицияга же дагы башка укук коргоо органына чакыруусуз жүргүзүлөт. Сурамжылануучуларга алардын күбө катары чакырылып жатканы жөнүндө чакыруу кагаздары жөнөтүлбөйт жана алар күбө болуп саналашпагандыктан, көрсөтмө берүүдөн баштарткандыктары же билип туруп жалган көрсөтмө бергендиктери үчүн жоопкерчиликтери тууралуу эскертилишпейт. С. жыйынтыктары жөнүндө ыкчам иликтөө кызматкери кол койгон маалымдама түзүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]