Суранов Жантөрө
Суранов Жантөрө Асанбаевич – акын. Өзгөн районунун Большевик айлында 1947-жылы 27-январда туулган. 1956–1962-жж. Өзгөн шаарындагы Ю.А.Гагарин атындагы мектеп-интернатта тарбияланып, 1962–1968-жж. Өзгөн районундагы Көлдүк айлындагы “Кызыл-Октябрь” орто мектебинен орто билимге, 1968–1972-жж. Ленинграддагы Н.К.Крупская атындагы мамлекеттик маданият институтунда окуп, жогорку билимге ээ болгон.
1973-жылдан бери карай Кыргыз Республикасынын маданият министрлигинин тармагында, республикалык балдар китепканасында улук редактор, Республикалык эл чыгармачылык үйүнүн басма бөлүмүнүн улук редактору, Маданият министрлигинин инспектору, Репертуардык-редакциялык коллегиясынын редактору, китепкана бөлүмүнүн начальниги, 1989–1994 жж. Сокулук районунун депутаттар кеңешинин аткаруу комитетинде райондук маданият бөлүмүнүн башчысы, В.В.Маяковский атындагы Кыргыз мамлекеттик кыз-келиндер институтунда окутуучу, 1989–1997-жж. Республикалык балдар китепканасында директор, 1997-жылдан Бишкек шаардык маданият башкармалыгында башкы адис болуп иштеп келет.
Мезгилдүү басма сөз беттеринде, альманахтарда ырлары жарыяланып келген.
“Миллениум – 2000”, “Бишкек – Ыр кесе – 2005” майрамдык сценарийлеринин авторлошу жана автору.
“Манас – 1000” медалы жана 2005-жылы “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланган.
2004-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.
Бишкек шаарынын Ардактуу атуулу.
2016-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.
Обон жазылып, аткарылган ырлары[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Бишкектик сулуу (Баатыр Омурзаковдун аткаруусунда).
Өзгөнүм (Абдыкалык уулу Элтурандын аткаруусу).
Жалал-Абад (Фарида Омурзакованын аткаруусу).
Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Ленинград: Ырлар. – Б.: Деми, 2003. – 40 б.
Чиркин өмүр: Ырлар. – Б.: Бийиктик, 2006. – 246 б.
Китепканачыларга ыр десте: Ырлар. - Б.: Деми, 2020 - 174 б.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- *Кыргыз Республикасынын жазуучулары/Кыргызпатент.Түз.: М. Ааматов, А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б.: 2011. – 456 б. ISBN 978-9967-26-379-6