Суранчы бийдин козголоңу

Википедия дан

Суранчы бийдин (буруттун) козголоңу – Жааңгер кожонун жетекчилигинде цин-манжур үстөмдүгүнө каршы Чыгыш Түркстан элдеринин көтөрүлүшүнүн алгачкы этабы. 1820-ж. жайында Жааңгер кожо Кокондон кыргыздарга жардам сурап келип, кол куроого киришкен. Кашкардагы кытай үстөмдүгүн кулатуу үчүн күрөштө ага саяк уруусунун бийи, билермандары: Байкабас, Мендылак, Тайлак, кыпчак Турдумамбеттин туугандары, чоңбагыштардын бийи Суранчы көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдиришкен. Жааңгер кожого көп өтпөй Маматкул баш болгон моңолдор уруусу да кошулган. Кытай баскынчылары менен айыгышкан айкаштарда бөтөнчө Cуранчы бийдин колу эрдик көрсөтүп, даңкы чыккан. Ошондуктан, Жааңгер кожонун кыймылынын алгачкы этабы кытай тарыхый маалыматтарында «Суранчы буруттун козголоңу» деп аталып калган. 1820-ж. күзүндө Жааңгер кожо кыргыздардан куралган бир нече жүз жоокери менен Кашкарды көздөй жол тарткан. Ошол эле учурда Суранчы бий 300 жигити менен Кашкарга келип, калаага жанаша жайгашкан кыштактардагы кытай аскерлерине кол салган. Анын жигиттери салгылашуулардын биринде Кашкардын чет жакасындагы кытай кароолун талкалашкан. Бирок Жааңгер кожо менен Суранчынын колу душмандын арбын аскеринин кысымына туруштук бере албай, чегинүүгө аргасыз болгон. Цин төрөлөрү Кашкарга кошумча аскер жөнөтүп, Кашкарды курчоодон куткарып калган. Көтөрүлүшчүлөрдү биротоло талкалоону көздөп, алардын артынан сая түшкөн жазалоочу аскерлер Суранчынын Кеншибай деген жердеги эски журтуна келип, орула элек эгинди, 30дан ашуун өргөөнү өрттөшкөн. Андан соң жоон топ кыргызды туткундап, алардын 20дан ашыгын мыкаачылык менен өлтүрүшкөн. Муну менен бирге Цин, төрөлөрү кыргыздарды тополоңго аралашпоого, Суранчыны кармап берип, чоң сыйлыкка ээ болууга үндөгөн. Коркутуп-үркүтүүлөргө карабастан, кыргыздар өз жолбашчысын душманга кармап беришкен эмес. Тескерисинче, эл арасында Суранчы бийдин кадыр-баркы ого бетер арткан.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.