Суур күнү

Википедия дан

"Суур күнү" (англ. Groundhog Day, орус. День сурка) - 1993-жылы Хэролд Ремис тарткан америкалык фэнтези комедия. Тасмада Бил Мүррей, Энди Макдаувел жана Крис Эллиот тартылышкан. Тасманын сценарийи Робин жазган окуяга негизделип, Ремис жана Дэнни Рубин тарабынан жазылган.. Мүррей телеберүүдө аба-ырайы менен тааныштырган бой көтөргөн Фил Коннордун ролун аткарат. Ал Пенсилвания штатындагы, Панксутевней аймагында жылдык "Суур күнүндө" кызмат кылып жатып, ал күндүн кайра-кайра кайталанып жаткандыгын түшүнөт. Гедонизмге жол берип жана өзүн-өзү бир нече жолу өлтүргөндөн кийин, ал өз жашоосун жана башкы максаттарын анализдей баштайт.

"Суур күнү" чыккандан кийин жетиштүү ийгилик жаратып, негизинен жакшы сын-пикирлерге ээ болгон. Киносынчылар жана тарыхчылар тасмага мыкты деген баа берүү менен, тасма эң мыкты комедиялуу кинолордун тизмесин толуктаган. Кийинчерээк "Суур күнү" деген термин өкмөт жана аскерий системада ошондой эле башка көңүл ачуу тармактарында кайра-кайра кайталанган учур деген түшүнүккө ээ болгон. Тасма 2006-жылы Конгресс Китепканасы тарабынан "маданий, тарыхый, эстетикалык жактан маанилүү" деп табылып, Американын Улуттук кино реестринде сакталууга тандалып алынган.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]