Суусамыр жер титирөөсү

Википедия дан

Суусамыр жер титирөөсү 1992-жылы 10-августта, түнкү саат 1ден 4 минута өткөндө болгон.

Күчү борбор очогунда (Жалпак-Суу өзөнү) 9,5 баллга чейин жеткен.

Түндүк тарапта казактын талаасында, түштүктө Памирде, батышта Ташкенде, чыгышта Алматыга чейинки кең аймакта сезилген. Катуу жер титирөө Суусамыр кырка тоосунун түштүк жана түндүк капталын, Суусамыр Арам-Суу, Токтогул жана Талас өрөөндөрүн камтыган. Бул жерлерде жер бетинде бузулуулар, жаракалар пайда болуп, көптөгөн айылдарда үйлөрдүн талкаланышы жүргөн. Мындай доо кеткен жер узундугу 40-50 км, туурасы 20-22 км келген аймакты ээлеген.

Жер титирөө болор алдында жер астынан күүлдөгөн катуу добуш угулуп, анын катуулугунан үй ичиндеги кулап жаткан буюмдардын, түтүн морлорунун, мештердин, үйдүн үстүнүн жана дубалдардын кулагандан чыккан үндөрү угулбай калган. Жерде отурган адам бир аз көтөрүлүп ордунан жылган, ал эми туруп турган адам жыгылып кеткен. Эпицентр (очогу) зонасында жер жарылып, тоолордон күргүштөп таш кулап, жер көчкү жүргөн, жарлар пайда болгон. Айрым жерден суу атылып чыгып, анын бийиктиги 15 мте жеткен. Суу тунук эмес, өңү бозомтук түстө болгон.

Эң катуу жер титиреген 9 баллдык аймактын формасы созулган эллипс түрүндө болуп, анын аянты 140 км2те жеткен (жакшы жери бул аймакта айыл болгон эмес). Суусамыр суусунун жээгине жакын асфальт жолдун бир аз бөлүгү 8 м төмөн чөгүп кеткен, башка бир жеринде жол өңгүл-дөңгүл болуп калган. Суусамыр суусунун батышындагы айрым жерлеринде суу толкуп, бөлүнүп агып калган. Суусамыр суусунун оң өйүзүндө жаракалардын, туурасы 300 м, узундугу 3 кмден ашык зонасы пайда болгон. Зонада бийиктиги 10-30 см келген эки, кээ бир жерде төрт тик жаракалар пайда болгон. Суусамыр кырка тоосунун түштүк капталындагы Боор-Теке суусунун жогору жагында гранит массиви кулап, чоң (бийиктиги 200 м, узундугу 500 м) жер көчкү пайда болгон.

Жер титиреген 8 баллдык аймак да чыгыштан батышка карай созулган эллипс формасында болгон. Бул зонада: Толук, Бел-Алды, Сары-Сөгөт, Совет айылдарында жана Ала-Бел ашуусунда көптөгөн, курулуштар толук талкаланып, бузулбай калгандарында чоң жаракалар пайда болгон.

Жер бетинин көпчүлүк ири аянттарынын бузулушу жүргөн. Суусамыр тоосунун түштүк этегиндеги Бел-Алды айылынын жанында жана Токтогул - Толук жолун бойлой кумдак топурак кыртышынын (узундугу ондогон метр, туурасы 80-100 м, тереңдиги 10-15 м) тоо капталы менен 100-150 м төмөн жылмышуусу болгон. Суусамыр жер титирөөсүнүн айрым жерлерде болгон күчү, балл менен: ЭУ-9, Бишкектен 162 км -9,5 Суусамыр суусу -9 Арамза-Суу суусу -9 Суусамыр ашуусу -8,5 Ала-Бел ашуусу -8 Тунук айылы -7,5 Суусамыр (МЭКС) -7,5 1-Май айылы -7,5 Кожомкул айылы -7 Кызыл-Ой айылы -7 Талас шаары -6,5 Ош шаары -6 Кара-Балта шаары -5,5 Бишкек -5,5 Ташкент -5,5 Алматы -5,5 Изилдөөлөр көрсөткөндөй, жер титирөөнүн жер астындагы очогу (гипоцентри) 25 км тереңдикте жайгашкан.

Жер титирөө Каракол жана Арамза-Суу тектоникалык терең жаракалардын кошулган жериндеги зоналар боюнча ири блоктун кыймылга келишинин натыйжасында болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9