Суусамыр - арал жолу

Википедия дан

Суусамыр - арал жолу 1940-жылы курула баштап, Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде токтоп калган.

  • 1948-жылы кайрадан башталып, 1951-жылы курулуп бүткөн.
  • Алгач Чаек - Суусамыр же Ураңкайдын жолу деп аталган.
  • Жолдун узундугу 72 км (Бишкек - Ош жолунун айрылышынан) Чаек кыштагына чейин 90 км.
  • Бул жол курулганга чейин суусамырлыктар Жумгалга Көкөмерен капчыгайын өрдөп кеткен жалгыз аяк жол аркылуу ат менен катташкан.
  • Жолдун курулушуна Нарын, Жумгал, Суусамыр эли катышкан.
  • Жолдун курулуп бүтүшү менен Суусамырдагы эл Чаекке, Нарынга, Ысык-Көл жана Чүй өрөөндөрүнө автоунаа менен катташып, турмуш-шарты жакшыра баштаган.
  • Чүй өрөөнүнө баруу үчүн Чаек, Кочкор, Балыкчы аркылуу 600 км жол жүрүп катташкан.
  • Ошого карабастан бул жолдун мааниси чоң болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9