Суутек электроду

Википедия дан

Суутек электроду – электрод беттик аянтын чоңойтуу максатында электролиз натыйжасында бөлүнүп чыккан атомардык суутек менен капталган платина пластинкасы. Аны күкүрт кислотасынын суудагы 0,1 Н эритмесине матырып, эритме аркылуу 1 атм. басым алдында газ абалындагы суутекти тынымсыз жиберет. Электрод схемасы: Pt(H2)/H+ Электроддо төмөнкү электрохим. реакция жүрөт: 2H++2e-H2. 1 атм. басымда жана барабар болсо, туз кислотасынын суудагы эритмесинде суутектик электрод потенциалы 250С нөлгө барабар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]