Суу бөлгүч

Википедия дан
Суу бөлгүч (Түштүк Америка‎).

Суу бөлгүч - жер бетинде жаан-чачындан пайда болгон суу агымын эки тарапка (эки капталга) бөлгөн табигый шарттуу сызык.

Ал тоолуу жерлерде даана байкалып, адатта тоолордун кырына туура келет. Түздүктөрдө ал көбүнчө тегиз, билинбеген жончо түрүндө болот, мис., Инд дарыясы менен Гангдын суу бөлгүчү. Тынч океандык алап (Тынч океан менен Атлантика океанына куйган дарыялар) менен Атлантикалык алапты (Атлантикага жана Түндүк Муз океанга куйган дарыялар) бөлүп турган капталдар жер шарынын башкы (негизги) суу бөлгүчү деп аталат. Ошондой эле к. Айыртоо макаласын.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2