Мазмунга өтүү

Суфизм

Википедия дан
Суфизм "Сопучулук"‎»‎ барагынан багытталды)

Суфизм (араб. саф – таза, аль-саффа – кайыр, садага жыйноо, суф-жүн, монахтын, дербиштин орой түктүү кийими) – Исламда 8–9-ккылымдард келип чыгып, Араб халифатынын өлкөлөрүнө тараган диндик-мистикалык (кереметке, сыйкырга ишенүү) окуу, багыт.

Алгачкы Суфизмге айрым материалисттик элементтери бар панитеизм мүнөздүү. Бара-бара неоплатонизмдин, индиялык философиянын христианчылыктын айрым идеяларынын таасири астында С. аскетизм жана барып турган мистицизм С. борбордук орун ээлеп калышат. Суфизм жактоочулар кудай гана бар, ал эми айлана-чөйрө жана кубулуштар анын чыгармачылык энергиясы (эманациясы) дешет да, жашоонун эң жогорку максаты-адам жанын Кудай менен мистикалык кошуу деп жарыялашат жана Жер жүзүнө тиешелүүнүн барынан кечип кетүүнү талап кылышат.

Суфизм окуусу боюнча Кудай менен кошулуу экстаз (элирип, өзүн өзү унутуу даражасына жеткен абал) абалында өтөт. Мына ушунда гана Адам чыныгы болмушка (хасикатка) жетмекчи.


Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]