Суюк кристаллдар
Суюк кристаллдар – кээ бир органикалык заттардын өзгөчө абалы; алар суюктуктун агуучулугуна ээ, молекулалардын жайланышындагы белгилүү тартипти сактайт жана катуу кристаллдарга мүнөздүү физикалык касиеттин анизотропия катарына ээ.
1899-ж. Ф.Рейницер менен О.Леман ачкан. Суюк кристаллдар мезофазалар деп аталат. Суюк кристаллдар табылган химиялык бирикмелердин саны бир нече миңди түзөт. Айрым катуу кристаллдарды ысытууда Суюк кристаллдар пайда болот: адегенде Суюк кристаллдарга фазалык өтөт жана андан кийин Суюк кристаллдарды эриткенде кадимки изотроптуу суюктукка өтөт. Ар бир мезофаза белгилүү температуралык интервалда болот. Жылуулуктун өтүшү өтө аз. Суюк кристаллдар затты түзөт, алардын молекулары узун таяк сымал формада болуп, сызыктуу жана циклдүү атомдук топтор менен алмашылып турат. Молекулалардын мындай формасы алардын өз ара коюлушунун болжолдуу параллелдүүлүгүн аныктап, Суюк кристаллдардын структурасынын негизги белгисин билгизет. Суюк кристаллдар смектик, нематтык жана холестердик кристаллдын үч тибине айырмаланат. Нематтык Суюк кристаллдар өтө аз тартиптештирилген. Молекулалары параллель, бирок өзүнүн огуна узата бири экинчисине салыштырмалуу ар кандай аралыкка жылдырылган. Молекулалардын “каптал” таңгагында жакынкы тартип сакталат (к. Алыскы жана жакынкы тартип). Смектик Суюк кристаллдарда молекулалары бири бирине параллель жана катмарлуу жайгашкан. Холестердик Суюк кристаллдардын структурасы нематтыктыкына окшош, бирок анын узун огуна перпендикуляр багытта молекулаларынын кошумча толгонушу менен айырмаланат. Мындай спиралдуу “өтө структуранын” арымы өтө чоң жана бир нече мкм ге жетет. Колонкалуу жыйналган диска сымал молекулалардан түзүлгөн Суюк кристаллдардын теориясы статистикалык физиканын закондору менен кристаллдардын симметрия принцибинин айкалышына негизделет. Суюк кристаллдар серпилгичтүүлүк анизотропиясына, электр өткөрүмдүүлүккө, оптикалык анизотропияга, сегнет-электр касиеттерине ж. б. ээ.
Суюк кристаллдар маалыматты иштеп чыгуучу жана чагылтуучу системаларда кеңири колдонулат. О. эле тамга-цифралуу индикаторлордо (электрон сааттары, микрокалькуляторлордо ж. б.), түрдүү башкаруучу экрандарда жана мейкиндик-убакыт транспаранттарында, оптикалык бекиткичтерде ж. б. жарык жапкыч түзүлүштөрдө, оптикалык электрон приборлорунда пайдаланылат. С. к-да жалпак телевизия экрандары иштелип чыгууда. Суюк кристаллдар медицинанын жана техни-канын көптөгөн тармактарында колдо-нулууда.
Ад.: Современная кристаллография. – Т. 1. –М.: 1979; Чандрасекар С. Жидкие кристаллы/ Пер. с англ. –М.: 1980.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0