Суюк металлдар

Википедия дан

Суюк металлдар – жылуулук өткөрүмдүүлүгү жана электр өткөрүм-дүүлүгү чоң, о. эле катуу металлдарга мүнөздүү башка касиеттерге ээ тунук эмес суюктук.

Суюк металлдарга бардык эриген металлдар жана металлиддер менен катар металл куймалары кирет. Кээ бир чала металлдар жана жарым өткөргөчтөр эритилгенден кийин С. м. болуп калат: бири эригенден кийин (Ge, Si, CaSb ж. б.), башкасы эрүү температурасын жогору ысытканда (FeSe, PbFe, PbSe, ZnSb куймалары ж. б.). Кээ бир металл эместер (H, P, C, B) жогорку басымда С. м-га айланат. Атмосфералык басымдагы жана бөлмө температурасындагы суюк металл сымал (эрүү температурасы – 38,9°С). Суюк металлдардагы заряд алып жүрүүчүлөр – электрондор. Суюк натрий менен калий өздөштүрүлгөн. Алардын эрүү температурасы өтө төмөн. Ядролук реакторлордо колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]