Сценарий (скрипт)

Википедия дан

(Script- Сценарий). Сценарий же скрипт деп тармак браузерин (терезени кароо) жана Интернет серверин байланыштырган кыска програм аталат. Мисалы, тармактын ордун (сайтын) издеген сайын Yahoo же Rambler издегичтерин колдонгондо, алар менен интерфейс уюштуруу үчүн сценарийге кайрылууга туура келет. Сценарий төмөнкү учурларда жазылат: (1) колдонуучунун компьютеринен Интернет серверине маалымат жиберүүдө; (2) мултимедиа мүмкүнчүлүк-төрүн тармак браузерине кошумчалоодо; (3) эсептөө иштерин Интернет серверден колдонуучунун компьютерине жиберүүдө. Сценарийди каалаган программалоо тилде жазууга болсо дагы, жалпы колдонгон тилдерге С, С++, Java, Java-Script, PERL тилдери кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]