Сцинтилляция
Сцинтилляция – иондоочу нурлануунун аракети астында сцинтиллятордо пайда болуучу кыска убакыттагы (~10-4–10-9 сек) жарыктын жарк этиши.
Сцинтилляцияны биринчи жолу 1903-ж. У.Крукс ZnS экранын α-бөлүкчөсү менен нурлантканда байкаган. Сцинтиллятордун атомдору же молекулалары заряддалган бөлүкчөлөрдүн энергиясынын эсебинен дүүлүккөн абалга өтөт; дүүлүккөн абалдан нормалдуу абалга кийинки өтүүдө жарыкты чыгаруу – Сцинтилляция менен коштолот. Сцинтилляция механизми, анын нурлануу спектри жана жарык кылуунун узактыгы люминесценциялоочу заттын жаратылышына, жаркырактык – заряддалган бөлүкчөлөрдүн жаратылышына жана энергиясына көзкаранды. α-бөлүкчө жана протондун Сцинтилляциясы β-бөлүкчөсүнүн Сцинтилляциясына караганда жарыгыраак. Ар бир Сцинтилляция – бир бөлүкчөнүн аракетинин жыйынтыгы; бул абал элементардык бөлүкчөлөрдү каттоо үчүн сцинтилляциялык эсептегичтерде колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0