Сыдыкова Лейла Чынтургановна

Википедия дан

Сыдыкова Лейла Чынтургановна - Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи, юридика илимдеринин доктору, профессор. Кыргыз-Орус Славян университетинин эл аралык байланыштар боюнча проректору. Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер.

Билими жана эмгек жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1981-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин “юриспруденция” адистиги боюнча бүтүрүп, юрист квалификациясы ыйгарылган. Ошол эле жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин жазык укугу жана процесси кафедрасында окутуучу болуп иштей баштаган. 1982-жылдан 1985-жылга чейин КМУнун жазык укугу жана процесси кафедрасынын сырттан окуу бөлүмүнүн аспирантурасын аяктаган. 1988-жылы Жданов атындагы Ленинград университетинде юридика илимдеринин кандидаты илимий даражасын алуу үчүн Кыргыз Республикасынын материалдары боюнча “Паракорлукка каршы жазык-укуктук күрөш” деген темада диссертациясын ийгиликтүү коргогон.

КМУнун жазык укугу жана процесси кафедрасында кафедранын улук окутуучусу, доцент, кафедра башчысы болуп иштеп, андан соң 1993-жылы КМУнун юридикалык факультетинин деканы болуп дайындалган. 1994-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын чечими менен жазык укугу жана процесси кафедрасынын доценти илимий наамы ыйгарылган.Ошол эле жылы Кыргыз-Орус Славян университетинин экономикалык жана юридикалык дисциплиналар кафедрасынын доценти болуп иштеген. Кыргыз-Орус Славян университетинде өз алдынча юридикалык факультет түзүлгөндөн кийин бул факультеттин деканы кызматына дайындалып, ал жерде 2007-жылдын декабрына чейин иштеген.

2000-жылы Аль-Фараби атындагы Казак мамлекеттик университетинде “Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдары боюнча жазалоо системасындагы көйгөйлөр” деген темада докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргогон. 2001-жылдын 29-мартында Казакстан Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын Президиумунун чечими менен ага юридика илимдеринин доктору илимий даражасы ыйгарылган.

Лейла Сыдыкова негизги ишинен тышкары узак убакыт бою “Кыргыз Республикасынын көз карандысыз окумуштуу юристтери” коомдук бирикмесин жетектеген, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Сот адилеттиги иштери боюнча улуттук кеңештин мүчөсү болгон.

1996-жылдан 2006-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын сот тутумун реформалоо боюнча соттук-консультативдик комиссиянын жетекчиси болгон.

2007-жылы декабрда “Ак-Жол” элдик партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

2007-2009-жылдары Жогорку Кеңештин Коргоо, коопсуздук, укук тартиби жана сот-укуктук реформа боюнча комитетинин төрайымы болгон. 2009-жылдын 6-октябрынан тартып Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим жана дене тарбия боюнча комитетин жетектеген.

Лейла Сыдыкова «Стратегиялык чечимдер» коомдук фондунун эксперти.

Монографиялары:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Лейла Сыдыкова 100дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинде 5 монографиянын автору.

  • Пара алуу үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги. – Бишкек, 1997.
  • Жазык мыйзамдары боюнча жазалоо системасындагы көйгөйлөр. – Бишкек, 1998-ж.
  • Адам укуктары. Теория жана практика. - Бишкек, 1998. (авторлош).
  • Коррупция. Паракорлук. Жоопкерчилик. - 1999. (авторлош).
  • Жазык укугу боюнча жазалардын системасы жана түрлөрү. – 1999.
  • Кыргызстандагы аткаруу бийлик органдарына функционалдык талдоо (биринчи ыкмалар). - 2001. (авторлош).


1. Сулайманова Н.Н., Сыдыкова Л.Ч. Кыргыз Республикасындагы коррупция жана анын алдын алуу. Монография. Бишкек: КОСУ басмасы, 2016. – 297 б.

2. Сыдыкова Л.Ч., Сулайманова Н.Н. Кыргызстандагы жазык мыйзамдарынын соттук-укуктук реформасынын концептуалдык негиздери // Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу – кылмыш-жаза, криминологиялык жана пенитенциардык саясаттын артыкчылыктуу багыты: XI Жазык укугу боюнча Орусия конгрессинин материалдары. – М., 2018. – 680-684-беттер.

3. Сыдыкова Л.Ч., Сулайманова Н.Н. Жазык мыйзамдарын ишке ашыруу: көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору. // КОСУ Жарчысы, 2018. 18-том. №3. 98-100-беттер.

4. Сыдыкова Л.Ч., Сулайманова Н.Н. Кыргыз Республикасындагы коррупцияга каршы күрөштөгү көйгөйлөр. КОСУ Жарчысы. 11-т. 2018-жыл № 11

5. Сыдыкова Л.Ч. Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарын реформалоо жөнүндө. Кыргыз Республикасы// Кыргыз Республикасы: 2012-2019-жылдардагы соттук-укуктук реформанын концептуалдык негиздери. - Бишкек, 2019. - 23-28

6. Сыдыкова Л.Ч., Сулайманова Н.Н. Үй-бүлөлүк зомбулук жана укук колдонуудагы көйгөйлөр. - Бишкек, 2020. 40-45-беттер.

Сыйлыктары:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ченемдик-укуктук базасын өркүндөтүүгө кошкон зор салымы үчүн, кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүүгө жана анын алдын алуу боюнча иштерди жакшыртууга көмөктөшкөн маселелерди чечүүгө көмөк көрсөткөндүгү, кыргыз милиция кызматкерлерине транспорт жана компьютердик техникаларды сатып алууга жеке катышуусу үчүн “Ардак” медалы менен сыйланган.

2000-жылы “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер” ардак наамы түрүндөгү мамлекеттик сыйлыкка ээ болгон.

КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын “Шериктештик” ордени.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

https://www.krsu.edu.kg/vice_rector_for_international_relations Archived 2022-01-24 at the Wayback Machine

Лейла Сыдыкаова: Кыргызстан хотят вернуть в советскую репрессивную систему - VESTI.KG - Новости Кыргызстана, 07 июня 2021

Новые кодексы. Эксперты оценили замену тюрьмы пробацией для насильников и коррупционеров.- kaktus.media, 4 февраля 2022