Сыдыков, Дөөлөтбек

Википедия дан

Дөөлөтбек Качкын уулу Сыдыков (1983-жылдын 24-августунда Ысык-Көл областына караштуу Тоң районундагы Шор-Булак айылында туулган) - манасчы, “Манас-мурас” коомдук фондунун мүчөсү, “Манас” банкынын стипендианты.

Он эки бир туугандын тогузунчусу. Манасчылык Дөөлөтбектин чоң атасы Сыдыктан бери келе жаткан өнөр. Сыдык Чымырбай уулу (1887-1951) саяктын кааба уругунан чыккан жамакчы, дастанчы, семетейчи болгон. Сыдык Чымырбай уулу, Баатыркан болуштун семетейчиси, саяпкери болгон Деңизбайдын (Дөңүзбайдын) шакирти катары белгилүү болгон. Кийин Сыдыктын жолун жолдоп, уулу Качкын да эл ичинде “Семетей” айтып калган.
Ал эми Дөөлөтбек кичинекей кезинен эле түшүнөн аян берип, ошондон улам айта баштаган. Баатырлар кийин да түшүнө кирип турган. Бир жолку түшүндө Бакай аба менен үйүндө отурган болот. Бакай кимдир бирөөнү күтүп атыптыр. Бир аздан соң эшикке чыгышат. Сыртта бир коркунуч болуп, Алгарасын минип Коңурбай келип калат. Алгаранын омуроосу тамдын шыбынан да бийик экен. Бакай менен Коңурбай кадимкидей учурашып, туугандардай мамиледе болгонуна, карап турган Дөөлөтбек таң калат. Коңурбай Алгаранын чылбырын Дөөлөтбекке кармата берет. Ал чылбырды кармап, ар кандай ойлорго берилген боюнча ойгонуп кетет.
Дөөлөтбектин жетишкен ийгиликтери төмөнкүлөр:
1996-жылы манасчы Мамбет Чокмор уулунун 100 жылдыгына карата өткөрүлгөн жаш манасчылардын кароо-сынагында 1-орунга татыктуу болот;
1999-жылы өткөн “Жаш таланттар” аттуу Республикалык фестивалда 2-орунга ээ болот;
Ушул эле жылы өткөн Республикалык “Жаш манасчылардын сынагында” 3-орунга татыктуу болот;
2004-жылдын 25-26-октябрында Таласта өткөн, Назар Кайыптын 230 жылдык мааракесине арналган Республикалык манасчылар мелдешинде 3-орунга ээ болот;
2005-жылдын 15-16-октябрында Бишкекте өткөн «Башканы коюп, Манасты айт» аттуу Республикалык манасчылар мелдешинде 1-орунга жетишет;
2005-жылдын 25-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы тарабынан “Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн” «Кыргыз тили» төш белгиси менен сыйланган;
2007-жылы Ат-Башы жергесинде өткөн “Кошой коргон” телесынагында 2-орунга арзыган.
Дөөлөтбек учурда Кыргыз Улуттук консерваториянын 4-курсунда, манасчылык классында, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, манасчы Назаркул Сейдракмановдон билим алат. “Сейтек” эпосунун өз вариантын жазып, басмага даярдоодо.