Сыдыков Үсөн

Википедия дан

Сыдыков Үсөн (1940-ж. т„ Кант району) - обончу, комузчу, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген арт,(1998).

  • 1959-ж. Кыргыз мамлекеттик М. Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайынан комуз классың К.Үкүбаевден бүтүргөн.
  • Улуу комузчу К. Орозовдон окуган. К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде иштеп,
  • 1958-ж. Москвада өткөн кыргыз адабияты менен искусствосунун он күндүгүнө катышкан.
  • 1977-ж. Кыргыз мамлекеттик В. Маяковский атындагы педагогика кыз-келиндер институтунун музыка факультетин бүтүргөн.
  • Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунун теория жана композиция классын проф. М.Абдраевден, кийин С. Осмоновдун классында окуган.
  • 1970-жылдан педагогдук кесипте.
  • 1958-жылдан обон жаза баштаган. 250дөй лирикалык,патриоттук, балдар ырларынын автору.
  • «Кыз чабан», «Көл бетинде»,«Күн чыгышым», «Кыргыз күүсү»,«Жыргалым», «Сени ойлосом», «М-быгып жүрөм», «Өтүнүч», «Издейм сени» ж. б. ондогон ырлары элдик чыгармаларга айланды.

Ж. Садыковдун «Касиеттүү чоор», Т. Абдумомуновдун «Карагул ботом» аттуу спектаклине, «Ысык көлдүн кызгалдактары» көркөм фильмине, виолончель, флейта, бий үчүн музыкаларды жазган.

1977-ж. «Жаз обондору» деген алгачкы обондуу ырлар жыйнагы жарык көрдү.

Ырлары «Кыргыз обондору», «Алатоо жазы», «Жаштыкырлары», «Ырдайлы, достор, ырдайлы», «Алатоо таңшыйт», «Кербез»,«Сармерден» аттуу жыйнактарга чыгат.

2001-ж. С. Айдаров менен бирдикте «Мен качан өсүп жетилем» деген балдар ырларынын жыйнагы жарык көрдү.

Боогачы Жакыпбек уулунун туулган күнүнүн 125, Токгогул Сатылгановдун 125, «Ош-3000»ге арналган республикалык эл аралык фестивалдын жеңүүчүсү. Обон чыгаруу менен бирге Токтогулдун, Карамолдонун, Айдараалынын, Атайдын, Ыбырайдын ж. б.50дөн Шык күүлөрүн чертет.

Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин, Якут АССР Маданият министрлигинин, Кыргыз ЛКСМ БКнын Ардак грамоталары менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.