Сымап сымап кени

Википедия дан

'Сымап сымап кени Баткен районунда, Сымап сайынын баш жагында, Алтынбаш тоосунда, деңиз деңгээлинен 2720–3800 м бийиктикте. 1927-ж. табылган. 1942–46 жана 1951–61-ж. геол. чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагын түндүк-чыгыш жана кендик тарапка созулган жаракалар менен татаалданган жана антиклиналдык бүктөлүүгө дуушар болгон девондун доломиттери жана карбондун акиташ тектери түзөт. Киноварь рудасы мына ошол ар түрдүү багыттагы жаракалардын кесилишине топтолгон. Калыңдыгы 4 – 18 м, узундугу 1000 мге чейин жеткен руда тилкеси линза жана уя сымал майда (узундугу 1–10 м, калыңдыгы 0,1 – 3 м) руда тулкуларынын бир тарапка топтолушунан пайда болгон. Сымаптын орточо өлчөмү 0,11%. Кенде 1942–51 жана 1964–72-ж. казып алуу ишери жүргүзүлгөн. Калган сымаптын болжол ресурсу 545 т.

Т

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]