Сыналгы

Википедия дан
Суюк кристалдуу телевизор
Эски үлгүдөгү Sony Wega сыналгысы

Сыналгы, телевизор — бул үн жана көрүнүк сигналдарын кабылдоочу жабдуу (түзмөк).

Сигналдар аба толкундары менен, телекуурун же спутник аркылуу алат

Аналогдук берүү — сигналды аналогдук кайра иштетүү усулу менен ишке ашыруучу эфирдик теле жана радиотрансляция (б.а. жыштыгы дайым убактысы менен өзгөрүлүп туруучу аналогдук сигналдын жардамы менен). Санариптик телекөрсөтүүсүнө чейинки бардык тутумдар аналогдук болуп саналат.

Дециметрдик берүү — 470–790 МГц радиожыштыгын (дециметрдик же ДМВ (UHF), IV, V (470-862 МГц) диапазондорун колдонгон телевизиондук тараткыч.

Метрдик берүү — 48-230 МГц (метрдик же МВ (VHF), I, II, III) диапазондорун колдонгонтелевизиондук тараткыч.

Мультиплекс — бир санарип пакетине бириктирилген, бир телеберүү каналы аркылуу берилүүчү берүү программаларынын жыйындысы. DVB-T2 стандартында бир мультиплекс стандарттуу сапаттагы 16га чейинки ТВ-программаны, 2-3 РВ-программаларды же 3 ТВ-программаны камтыйт.

Санарип — санариптик эфирдик телекөрсөтүүнүн кыскартылган версиясы.

Санариптештирүү — аналогдук сигналды санариптикке коддоштуруу менен аналогдук сигналды санариптик сигналга айландырууну аткарган санарип телеберүү процессиндеги биринчи кадам. Санарип деген сөздүн кенен мааниси аналогдук берүү тутумун ТВнын жана радионун санариптик тутумуна айландыруу дегенди түшүндүрөт.

Санариптик тиркегич — (декодер, ресивер, сет-топ-бокс — STB (англисчеден Set-Top-Box) — DVB-T2 стандартында жер үстүндөгү эфирдик телевизиондук берүүнүн сигналдарын кабыл алуучу, кайра коддоштуруучу жана андан ары видео жана аудиосигналды аналогдук телевизиондук кабылдагычка чыгаруучу түзүлүш.

Санариптик телеберүү — видео жана аудиосигналды санариптик модулдаштырууну жана маалыматты MPEG стандарты менен маалыматты кысууну колдонуу менен берүүчүдөн санарипке өткөрүү.

Соцпакет — санарипке өткөндө Кыргызстандын баардык калкына акысыз берилүүчү бир катар акысыз каналдардынбириктирилгенпакети.

Телетекст — сыналгынын экранынан окууга мүмкүн болгон маалымат (жаңылык, программа ж.б.).

Эфирдик/ободогу убакыт — телерадиоуюму трансляция (ретрансляция) жасаган убакыттын мөөнөтү.

DVB-T (англ. DigitalVideoBroadcasting – Terrestrial) — санариптик телекөрсөтүүнүн европа стандарты.

DVB-T2 (англ. DigitalVideoBroadcasting – Terrestrial) — санариптик телекөрсөтүүнүн жаңы европа стандарты.

SFN-түйүнү (англ. SingleFrequencyNetwork) — көрсөтүүсү бир ТВ каналдагы жыштыкта берилүүчү бир жыштыктуу станциялардын түйүнү.

MPEG-4 (англ. MovingPictureExpertsGroup) — санариптик эфирдик телекөрсөтүүнүн максаттары үчүн колдонулган видео жана аудио компрессиясынын (кысуу) стандарттарынын түркүмү.

PLP (англ. PhysicalLayerPipe) — бир же бир нече сервистерди (ТВ программаларды) берүүгө мүмкүнчүлүгү физикалык деңгээлдеги канал.

Multiple PLP — DVB-T2 стандартында бир транспорттук агымда бир нече физикалык деңгээлдеги каналдардын берүү режими. Ар бир PLP маалыматтарды берүүнүн ар кандай ылдамдыктарына жана каталардан корголушунун параметрлерине ээ болгондуктан, сигналдарды кабыл алуунун ар кандай шарттарын камсыздайт.

DVB-T2 стандарты DVB-T санариптик телекөрсөтүүнүн европа стандартынын экинчи мууну болуп эсептелет жана түйүндүн ошол эле инфраструктурасы жана жыштык ресурстары менен көлөмдү 30-50% көбөйтүүгө багытталган. DVB-T2 технологиялык жактан DVB-T менен айкалышпайт.

Биздин өлкөдө ар кандай бизнес үлгүлөрүн өнүктүрүүнү, ошондой эле электрондук өкмөттү сыналгы аркылуу киргизүүгө мүкүндүк берген Multi PLP режими иштейт.

Сигналды керектөөчүгө кошумча чараларсыз жеткирүү санириптин артыкчылыгы болуп эсептелет. Мында кабель тартуунун жана тутумду жөнгө салуучу адисттерди чакыруунун кажети жок. Модернизацияланган тиркегичтер орнотулса, телекөрсөтүүлөрдү жазууга жана архивдерди колдонууга, тилдерди тандоого жана субтитрлерди колдонууга, таптакыр жаңы кызматтарды (интерактивдүү жана мультимедиалык берүүлөр, санарип телеберүү түйүндөрүнүн Интернет менен айкалышы) алууга мүмкүндүк түзөт.

Санириптин артыкчыктары: 

  • сүрөттүн жана үндүн жогорку сапаты;
  • санарип жабдыгын түзөтүүнүн жөнөйкөлүгү;
  • сигналдын таралыш аймагынын кеңдиги;
  • жыштык ресурсунун эффективдүү колдонулушу;
  • тоскоолдуктардан корголушу (берилип жаткан сигналдардын техникалык мүнөздөмөлөрүнүн жакшыртуусу, б.а. сүрөттөрдүн сапатынын жогорулашы);
  • калкка жеткиликтүүтелеканалдардын санынын кеңейиши;
  • Санарип түйүнү аркылуу жаңы кызматтарды өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү, анын ичинде үндү жана текстти көп каналда берүү, титрлештирүү;
  • ТВ аркылуу электрондук өкмөттү колдонуу мүмкүнчүлүктөрү, бейтапканага кезекке жазылган учурда же депутатка жолугушууга жазылуунусыналгысынын жардамы менен ишке ашырса болот.

Санарип түйүнү курулуп бүткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын калкынын 95%ы үчүн санарип форматында 15 милдеттүүжалпыга жеткиликтүү каналдар берилет.

Санариптик эфирдик телекөрсөтүү (мындан ары - Санарип) – бул видеосигнал жана үн сигналдарын санариптик коддоштуруунун жардамында санарип каналды колдонуу менен телевизиондук сүрөттөрдү жана үндөрдү берүү технологиясы. Санариптик коддоштуруу аналогго салыштырмалуу сигналды жеткирүүнү эң төмөнкү жоготуу менен камсыздайт, анткени санариптик сигналдын сүрөтү жана үнү сырткы факторлордун таасиринен бузулбайт.

Учурда санариптик эфирдик телекөрсөтүүнүн төмөнкү негизги стандарттары бар:

  • DVB — санариптик телекөрсөтүүнүн европа стандарты
  • ATSC — санариптик телекөрсөтүүнүн америка стандарты
  • ISDB — санариптик телекөрсөтүүнүн япон стандарты
  • DТMB — санариптик телекөрсөтүүнүн кытайстандарты

Кыргыз Республикасынын аймагында санариптик эфирдик телекөрсөтүү DVB-T2  стандартында ишке киргизилүүдө.

Стереоскопиялык телекөрсөтүү системасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Система камсыз кылат түзүүнү, берүүнү жана чагылдыруу болгон удаленных мониторах стереоскопического телевизиондук сүрөттүн на панорамного телевизиондук сүрөттөр менен телеметрической маалымат.[1]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Стереоскопиялык телекөрсөтүү системасын колдонуу.(жеткиликсиз шилтеме)

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]