Сынык
Сынык — кандайдыр бир катуу күч келгенде сөөктүн бүтүндүгүнүн бузулушу. Кокустук же ар түрдүү кырсыктардын жана ар кандай оорулардын кесепетинен сөөк сынат. Сынык тубаса жана кийин пайда болгон болуп айырмаланат. Кийин пайда болгон сынык кокустуктан же кырсыктан сөөккө катуу күч келгенде болот.
Кокустуктан болгон сынык ачык жана жабык болот. Сынган сөөктүн тушунда же бир аз жогору же ылдый териси айрылып кетсе — ачык, айланасындагы ткандар жабыркабаса жабык сынык делет. Күч катуу таасир эткенде сөөк туурасынан чорт сынат, узунунан жарака кетет, кыйгачынан же толгонуп сынышы да мүмкүн. Жаш балдардын сөөгүнүн сырткы чел кабыгы калың болгондуктан сынган жерди жылмыштырбай кармап калат. Мындай сынык ордуна оңой салынып, сөөк тез бүтөт. Жалпы эле сынык анын ичинен айрыкча жиликтин башы же кемиктүү жери сынган кезде, сөөктүн муундан чыгышы да мүмкүн. Жиликтин бир жеринен сынышы жөнөкөй, ал эми эки же үч жерден сынышы татаал сынык болот. Сөөктүн сынышы таасир эткен күчтүн чоңдугуна, ошол сөөктүн түзүлүшүнө, катуулугуна жана ийилчээктигине байланыштуу болот. Көп учурда таасир эткен күч сөөккө түздөн-түз катуу тийгендиктен чорт сынат. Бийиктен учуп же секирип түшкөндө ар кайсы сөөк сынышы мүмкүн. Мындай сынык кысылуудан болгон сынык деп аталат. Кээде сынган сөөктүн учу курч болуп, сынык ордунан тайыган кезде ичинен сыртты карай терини тешип кетет (ачык сынык). Ал тургай жоон же ичке кан тамырларды жабыркатып, кан агууга алып келет. Мындан тышкары сынган сөөктүн өзүнөн да кан агат. Сынык ордунан тайып же жылып да кетет. Сынык,узунунан жылмышып, сыныктын учу бири-бирине узунунан учкашып калып, ошол мүчө кыскарып калат. Ошондой эле капталына жылмышат же буралып, толгонуп калат. Кээ бир учурда эки сыныктын ортосуна булчуң эт, тарамыш, кан тамыр же нерв кыпчылып, кысылып калат. Нерв кысылса шал болуп, кан тамыр кысылса кан айлануу токтоп калат, ал эми булчуң эт же тарамыш эки сөөктүн ортосуна тыгылып калса, бүтпөй калышы мүмкүн. Эгерде бир эле мүчө сынса оорулуу адамдын абалы анча деле оор болбойт. Бир нече жер сынса же андан тышкары ички органдар жабыркаса оорулуунун абалы оордойт. Өзгөчө оор абалда шок болот, бул абалдан чыгаруу өтө кыйын. сыныкта төмөнкү белгилер байкалат: сынган мүчө шалактап, анын формасы, түзүлүшү бузулат, сынган жер катуу ооруйт. Сынган жер шишип, эт көк ала болуп, муундун кыймылы азаят. Сыныктын бүтүшү — жаш туташтырма ткандын биригип өсүшү менен башталуучу татаал биологиялык процесс. Бир сынык тез, айрымдары жай бүтөт. Сынык бүтүш үчүн ага шарт түзүү керек. Сынган сөөктү ордуна коюп, кыймылдабаган абалда толук бүтмөйүнчө кармоо зарыл. Мындан тышкары сыныктын бүтүшү жашка жараша, адамдын тулку боюнун, денесинин түзүлүшүнө, нерв системасына, түрдүү бездердин иштешине жана тамактанышына жараша болот. Мисалы, ымыркай баланын кашка жилигинин жабык сыныкы бир айга жетпей эле толук бүтүп калат. Ал эми 15 жаштагы өспүрүмдүн ошол эле жилиги 1,5 — 2 айда, ЗОдагы адамдыкы 3 айда, 50— 60 жаштагыныкы 3—4 айда бүтүшү мүмкүн. Кээ бир оору (мисалы, кант диабети, витамин жетишсиздиги) менен ооругандарда, кош бойлууларда, бала эмизгендерде жана башкалар сынык кеч бүтөт. Манжа сөөктөрүнүн сыныкы тез (2—2,5 жумада) бүтөт.
Дарылоону хирург же травматолог жүргүзөт. Аны дарылоо жапа чеккен жерден башталат. Ал үчүн кырсыкка чалдыккан адамга биринчи жардам көрсөтө билүү зарыл. Ачык сынык болсо канды токтотуу, жараланган жерге микроб түшүрбөө үчүн таза бинт менен таңып, дароо катуу материалдан (жыгач, металл, пластмасса) шакшак коюу керек. Шакшакка таяк, кол чатыр, тактай, сызгыч жана башкалар жарабайт. Демейде шакшак кийимдин жана бут кийимдин үстүнө эле коюлат. Жылаңач этке шакшак коёрдо оркойгон сөөктөр (кызыл ашык, тизе жана башкалар) оорубас үчүн кебезден же дакиден калыңдап коюлат. Сынган кол-бутту бир нече жеринен бинттеп же кур, чүпүрөк, жип жана башкалар менен таңат. Шакшактын узундугу сыныктын жанындагы муундарды кошо камтыгандай болуу керек. Сыныкты өтө катуу таңуу жарабайт. Ал кыймылдабагандай, төмөн жагы көгөрүп, кубарып кетпегендей болуу керек. Эгер шакшак коюуга эч нерсе табылбаса, жабыркаган бутту соо бутка таңып, колду жоолук менен моюнга асып алса болот (к. Иммобилизация).
Сынык ачык болсо тегерегине йод сүйкөп, жараатка стерилденген таңуу коюлат (к. Таңуу). Кийимдерин чечүүгө туура келсе, адегенде соо кол-бутту, анан жабыркаган жагын чечиндирет. Кийиндиргенде тескерисинче жабыркаган жагынан баштайт. Сынык ачык болуп, кан көп акса, адегенде буугуч коюп, канды токтотуп (к. Кан агуу), анан шакшак коюлат. Жабыркаган адамды жакын жерге гана колго көтөрүп барууга болот. Алыска пальтонун эки жеңине узун таяк сойлотуп, этегинин эки учун түйүп өткөрүп жасалган замбил менен жеткирген оң. Оорулууну замбилге салганда жабыркаган кол же бутту бирөө кармап турууга тийиш. Оорулууну көтөрүп баратканда башын алдыга, тепкичтен түшкөндө бутун алдыга каратып жүрүү керек. Эгер омуртка сынса, жабыркаган кишини жазы тактайга этияттап жаткыргандан кийин гана медициналык мекемеге жөнөтүү зарыл.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Ден соолук»: Медициналык энциклопедия/ Башкы ред. Борбугулов М. Б.;
- Кырг. ССР ИА ж. б.— Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы ред., 1991.— 456 б. ISBN 5-89750-008-8