Сын атооч

Википедия дан

Сын атооч- заттын өңүн, түсүн сынын,сапатын, даамын, формасын жана башка көрсөтүп, кандай? кайсы? деген суроолорго жооп берген сөздөр сын атооч деп аталат. М и с а л ы: кызыл, сары, жашыл, таттуу, ачуу, тоголок, жумшак жана башка. Сын атооч сүйлөм ичинде көбүнчө баяндоочтук, аныктоочтук, бышыктоочтук милдетти аткарат.Мисалы: Акылдуунун сөзү кыска . Жакшы адамдын белгиси эл камы үчүн жүгүрөт, жаман адам белгиси өз камы үчүн күйүнөт. Бали, азаматтар, жакшы иштедиңер.

Сапаттык сын атоочтун мучолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Заттардын сын-сыпаты, өңү-түсү, даамы, формасы, мүнөзү, сапаты сыяктуу белгилерин түздөн-түз көрсөткөн сын атоочтор сапаттык сын деп аталат. Мисалы: ичке, сулуу, ак, жашыл, тунук, ачуу, тегерек, тоголок, шайыр, түнт, жакшы, жаман, кызылыраак, өтө чоң, абдан сонун, саргыч, бозомук, чоң-кичине, жакшы-жаман, ак-кара жана башка. Башка бир зат менен болгон байланышына, кандайдыр бир катышына карай заттын өзгөчөлүктөрүн көрсөтүүчү сын атоочтор катыштык сын деп аталат. Мисалы: токойлуу жер, тоодой толкун, темирдей тартип, жаанчыл ай, даамдуу тамак, тумакчан киши, аталаш тууган жана башка.

Сын атоочтун даражалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде сын атоочтун төрт даражасы бар: жай, салыштырма, күчөтмө жана басаңдатма даража. Жай даража Заттын белгисин кандай нормада экендигин билгизип, атайын мүчөлөрдүн жардамысыз, уңгу түрүндөгү сапаттык сын атоочтор аркылуу жасалат: кызыл, сары, ак, көк, кара, жашыл, ачуу, кен, сүйрү жана башка. Салыштырма даража Заттагы бир эле белги экинчи заттын белгиси менен салыштырылат. Салыштырууну чыгыш жөндөмөсүнүн -дан жана -ыраак мүчөсү уюштурат. Бал канттан пайдалуу. Замира Берметтен кичине. Москва көп шаарлардан кооз (коозураак). Күчөтмө даража Заттардын сын-сыпатын күчөтүп, өтө жогору же өтө төмөн экендигин көрсөтөт да, төмөнкү жолдор менен жасалат.

  • а) эң, өтө, абдан, чымкый, чылк деген ж. б. күчөткүч бөлүкчөлөрдүн жардамы менен жасалат.Мисалы:эң чоң, өтө күчтүү, абдан жакшы, чымкый кызыл.
  • б) сын атоочтун толук кайталанып же кыскарып айтылышы аркылуу жасалат.Мисалы: кыпкызыл, упузун, капкара, сапсары, бийик- бийик тоолор, кооз-кооз үйлөр, сонун-сонун көчөлөр ж.б.
  • в) затташкан сын атоочтор күчөтмө даражаны уюштурат.Мисалы:мыктынын мыктысы, сулуунун сулуусу жана башка.

Басаңдатма даража[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Заттагы белгинин нормалдуу белгиге жете бербегендигин же анын басандатылып айтылышын билдирет, төмөнкү мүчөлөрдүн жардамы менен жасалат:

  • -ыш Мисалы:агыш, көгүш
  • -гыл Мисалы: киргил, чаңгыл
  • -ылжым, -ылжын Мисалы:көгүлжүм, көгүлжүн
  • -гыч Мисалы:саргыч
  • -гылт Мисалы:кызгылт
  • -гылтым Мисалы:кызгылтым ж.б.

Салыштырма даража

Салыштырма даража заттагы бир эле белги экинчи заттын белгиси менен салыштырылат. Салыштырууну чыгыш жөндөмөсүнүн -дан жана -ыраак мүчөсү уюштурат. Бал канттан пайдалуу. Замира Берметтен кичине. Москва көп шаарлардан кооз (коозураак).

Сын атоочтун жасалышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сын атоочтор төмөндөгүдөй мүчөлөрдүн жардамы менен жасалат: Зат атоочтон сын атооч жасоочу мүчөлөр:

  • -луу – токойлуу жер, суулуу өзөн, малдуу адам
  • -дай - тоодой толкун, алтындай сары, анардай кызыл
  • -сыз - ботосуз төө, суусуз жер, айсыз түн
  • -гы (-кы) - жазгы суу кышкы тоо, жайкы ысык
  • -чул - суучул киши, жаанчыл ай, кишичил буура
  • -лык - шаардык адам, айылдык жер, жылдык түшүм
  • -чан - атчан адам, тончон бала, кийимчен киши
  • -мер - ишмер кызматчы, сөздөр чал
  • -дак - кумдак жер, таштак өрөөн, сыздак жер
  • -кор - малкор адам, чайкор кемпир, дүнүйөкор бай
  • -ий –илимий иш, тарыхый окуя, диний көз караш

Этиштен сын атооч жасоочу мүчөлөр:

  • -гыр - алгыр куш, өткүр бычак
  • -гыч –аткыч киши, илгич мышык, жазгыч акын
  • -гак - соргок кузгун, тайгак жол
  • -аак - ыйлаак бала, тердээк ат
  • -ык - жыртык кемсел, кетик тиш, тунук суу
  • -чаак - таарынчаак бала, унутчаак киши, уялчаак кыз, тырышчаак окуучу
  • -аанак - кабаанак ит, сүзөөнөк уй, качаанакат
  • -калаң – шашкалаң киши, каткалаң үнсүз
  • -ыңкы – көтөрүңкү кабак, басыңкы маанай
  • -ма - жайма базар, өрмө жүгөн
  • -ыш - тааныш адам, окшош буюм
  • -ынды - уланды мүчө, туунду сөз
  • -ын - агын суу, саан уй
  • -арман - чабарман жигит, күйөрман киши ж.б.

Сын атоочтун синтаксистик жол менен жасалышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сын атоочтор сөз менен сөздүн айкалышы аркылуу синтаксистик жол менен жасалат. М и с а л ы: улуу-кичүү, узун-кыска, ачуу-таттуу, майда-чүйдө, ак саргыл, кара тору, кызыл ала, кара көк, мала кызыл, кара кочкулж.б.

Сын атоочтун заттык мааниде колдонулушу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сын атооч менен бирге айтылуучу аныкталгыч сөз түшүп калып, сын атооч зат атоочтук мааниде колдонулат:жакшы (адам) эл камын ойлойт, жаман (адам) өз камын ойлойт. Күлүк (ат) чапкан сайын арбытат. Жаманга айткан кайран сөз. Жакшыны жакшы билер жана башка.

Сын атоочтун синтаксистик кызматы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Затташып ээлик милдетти: кызылы тандалып алынды. Жакшыны жакшы билер. Баяндоочтук: Бүтүн жер жүзү - аппак, кооз жана эң сулуу. Аныктоочтук: Кадырлуу адамдар келишти. Ал мага жаңы кубат, жаңы күч берди. Бышыктоочтук: Ысмайыл ырайымсыз көрүндү. Унү жагымдуу угулду жана башка.