Сырдуу материалдар

Википедия дан
Сырдуу материалдар.

"Сырдуу материалдар" (англ. X-Files) – Крис Картер тарабынан чыгарылган америкалык илимий-фантастикалык драмалык сериал, ал 1993-жылдын 10-сентябрынан 2002-жылдын 19-майына чейин Фоксто (Fox) көрсөтүлгөн. Программа 202 эпизоду бар тогуз сезонду жана бир эле наамдагы көркөм фильмди кучагына камтыган. Кийинчирээк 2008-жылы экинчи фильм жасалып, онунчу сезондун улантылышына себепкер болгон, ал 2016-жылы алты эпизоддон турган. 2016-жылдын 24-январындагы кайрадан жандандырылган бет ачаары өткөн. 2017-жылдын апрелинде Fox расмий түрдө "Сырдуу материалдар" он эпизоддон турган он биринчи сезонго кайрыла турганын жарыялаган, ал эфирге 2017-2018-жылдардын сезонунда чыгат экен.

Серия Иликтөөлөрдүн Федералдык бюросунун агенттери (FBI) Фокс Малдер (Дэвид Духовны) жана Дана Скаллинин (Жиллиан Андерсон) тегерегинде жүрөт, алар сырдуу материалдарды териштиришет: паранормалдуу көрүнүштөргө байланышкан маргиналдашкан, чечилбеген учурларды изилдешет. Малдер бөтөн планеталыктардын жана табияттан тыш көрүнүштөрдүн бар экендигине ишенет, ошол эле учурда Скалли медициналык врач жана скептик катары Малдердин ачылыштарына илимий талдоо жүргүзүп, ишин ашкерелөө жолу менен аны кадиресе жумуштарга кайруу үчүн дайындалат. Сериалдын башында эки агент тең ири чоң конфликтте пешка болуп калышат да, бир-бирине гана жана абдан аз тандалган кишилерге эле таянып калышат. Агенттер ошондой эле жердик эмес жашоонун бар экендигин купуя сактагысы келген өкмөттүн күн тартибин ачып коюшат. Алар өз ара тыгыз мамилени өнүктүрүшүп, алгач ынак достук катары башташып, сериалдын аягында романтикага өтүп кетишет. Сериалдын сюжеттик баянына кошумча болуп "жуманын желмогузу" эпизоду бардык эпизоддордун үчтөн эки бөлүгүн түзөт.

"Сырдуу материалдар" сериалы Fox тармагы үчүн хит болуп, жалпысынан оң пикирлерди алган, бирок анын узакка созулган окуясы сындарга дуушарланган. Башынан бери культтук серия деп эселтелген бул чыгарма өкмөттөргө жана ири институттарга коомдук ишенбестикти чагылдырган жана заговор менен рухийликтин теорияларын камтыган поп маданияттын сынамак ташына айланды. Сериалдын өзү жана негизги актерлер Духовны менен Андерсон көптөгөн сыйлыктар менен номинацияларга ээ болушту, бул АКШ нын телекөрсөтүүсүнүн тарыхында эң узак илимий-фантастикалык серия болучу. Ошондой эле сериал франшизаны пайда кылып: "Жалгыз жоочул" аттуу оюнду, эки театралдык фильмдерди жана ошого шайкеш товарларды чыгарган. 2008-жылы финалдуу театралдык фильминен кийин күйөрмандар сериалдын сюжеттик линияларын бүтүрүү үчүн үчүнчү фильмдин чыгышын талап коюну уланта беришти, акыры 2015-жылдын мартында Fox сериал кайтып келе турганын, Крис Картер аткаруучу продюсер жана жазуучу боло турганын, ал эми Духовны, Андерсон, Пилегги, Дэвис жана Гиш кайрадан ролдорун кайталай тургандыгын жарыялады.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]